www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиядагы элчи Текебаев тескери ойлорун ачык айта баштады. Анткени анын капчыгына НПОнун сөлкөбайлары түшө баштады. Элчи мамлекеттик кызматкер, элчи болуп турган соң «Тишиң тилиңе күбө» деп, оозун кычыштырбай унчукпай отурушту дипломатия эмес, желмогуздун сырын этикасы менен кошо билген Текебаев жакшы билет. Мамлекетибиздин тышкы саясаты боюнча Орусия менен жакын экенибизди түшүнөт. Андай болсо АКШты чын дилинен сүйүп турса да мамлекеттик кызматкер катары унчукпай отуруш керек. Унчукккусу келеби кызматын өткөрүп берип тантый берсин. Кимге болбосун тынбай үргөн АКШнын кандек канчыгын Жаңыл мырзага теңеп Өмүкө алжыптыр. Белгилей кетсек, Текебаев: "Германиянын тышкы иштер министри Анналена БерБОКту немистердин бүгүнкү Жаңыл мырзасы деп коем. Орус-украин конфликти башталгандан бери кылычын кынына салбай оңду-солду шилтеп келе жатат. Россияга каршы келишкис позициясы бар", - деген билдирүү жасаган.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин ФРГнын тышкы иштер министри Анналена БерБОКту Жаңыл Мырзага салыштырганы кабырганы кайыштырат. БерБОК Жаңыл мырзанын балакетин алсын! АКШнын вассалдарынан жакшылык жок. Щольц менен БерБОК Германияны деиндустрилизация кылып немис элине элине АКШнын кызыкчылыгына иштеп аткан марионеткалар.

АКШ "Түндүк агымды" жардырып Германия энерго кризиске учурап, 10млрд$ "Түндүк агымга" салган инвестициясынан айрылып, жабыркап атса да бир үн катканга жарашкан жок. АКШнын, ж.б. кымбат энергоресурстардын айынан Германиянын өндүрүштөрү конкуренттүүлүгүн жоготуп, банкрот болуп АКШга, Кытайга, ж.б. жактарга көчүүгө мажбур.Фасс десе кимге болбосун тынбай үргөн Дяда Семдин кандек канчыгын Жаңыл мырзага теңеп Өмүкө алжыптыр. Алар Борбор Азияда стабилдүүлүктү бузуп, Орусияга каршы плацдарм түзүү максаттары бар АКШнын тилинен чыга албайт.

Садыр Жапаров стратегиялык өнөктөшүбүз Орусиянын позициясын колдоорун, Токаев менен АКШнын өкүлүнө айткан жообунда ачык эле билдирди. Украинанын кейпин кийээрибизди эске албай делдектеп жүргөн жарандарыбызды, айрыкча мамкызматтагыларды тизгиндөө керек.

Улуу согушта СССРден жеңилип калган немецтер даай албай туруп анча-мынча «Леопарддарын» жөнөттү эле, ширеңке сымал орустар жайлай баштады. Украинага танк бермек эмес, Германия АКШтын Европадагы сүйкүмдүү жубайы болгусу келет,ошол үчүн алардын айтканын угуп айласы жок берип жатат.

Мюнхенде кайрадан Орусияга каршы тарап жолугушканда АКШ немецтерди кыстаган. Немецтер Украинага танк берүүдөн чоочуп турушат. Дүйнөлүк биринчи согушту баштаган кайзердик Германия бул согушта жеңилип калган. Ага атаандаш чыккан Орусия, Англия, АКШ жана башкалар болчу. Орусияда революция болуп кетти, 1917 жылы февралда, ошол эле жылы октябрджа октябрь революциясы чыгып кеткен. Владимир Ленин Брест келишимин түзүп Германияга көп жерлерди берип жиберген. Акыры Антанта жеңип Германияны тушап салган. 1933 жылы Германиянын бийлигине Адольф Гитлер келет. Ал 1939 жылы Польшага кол салып дүйнөлүк экинчи согушту баштайт. 1941 жылы июнда СССРге кол салат, орустар көргүлүктү көрсөтүп немецтерди кууп чыгат. Немецтер жеңилет.

Эми да немецтер Орусияга каршы аттанып Украинага танк беребиз деп турушат. Украинаны германиялык танк менен камсыздоонун тегерегиндеги кеп дале кызуусунда. ФРГ канцлери күтүүсүздөн эрктүүлүгүн көрсөтүп, Киевге немец "Леопарддарын" берүүдөн баш тартты. Өз кезегинде бул кадам Рамштайн авиабазасындагы НАТОнун саммитинде кыжың-кужуң сөздөргө себеп болуп, талаш-тартыш жаратты. Андан соң батыш маалымат каражаттары Олаф Шольцту сындоого өттү. Бирок көп өтпөй окуя андан да кызып кетти деп бүйүр кызытат.

Германиянын финансы министрлигинин маалыматына караганда мындай тоңдурулган каражаттарга жеке жана юридикалык жактардын эсебиндеги эле акчалар кирбестен Орусиянын Борбордук банкынын эсептери кошо тоңдурулду. Бул иш-чара Еврошаркет тарабынан Орусияга киргизилген санкциялардын алкагында жүрүп жатат. Украинада согуш башталгандан бери жалпы тоңдурулган россиялыктардын активдери 5.32 млрд долларды түздү. Бул каражаттардын ичинде россиялык олигархтардын да сакталган акчалары бар, бирок алар ачык айтылган жок.

Германия финансы министрлигинин алдында түзүлгөн Санкцияларды аткаруу боюнча Башкы башкармалык жигердүү иштеп баштады. Азырынча курамы 36 адамдан турган башкармалыкта кошумча жумушчу орундары кеңейип,  жаңы адистер жумушка тартылышы күтүлүүдө. Активдердин идентификациясы сыяктуу приоритеттүү тармактарды камтыган структуралар да түзүлүшү мүмкүн. Өткөн жылдын декабрында кабыл алынган Германиянын "Санкцияларды аткаруу жөнүндө" Мыйзамынын алкагында тоңдурулган активдердин реестри түзүлүш керек эле,  бирок ал кечеңдеп жатат.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок эгер Украинаны немец танктары менен жабдуу тууралуу үчүнчү өлкөлөрдөн өтүнүч түшсө, четке кагылбай турганын билдирди. Бербок айым — ашынган атлантисттердин, "жашылдардын" өкүлү, Германиянын саясий күчтөрүнүн арасындагы АКШнын эң берилген желдеттеринин бири экенин кепке кыстара кетели. Берлиндин жаңжалды бир аз жымсалдоо аракети Польша жетекчилеринен, атап айтканда, премьер-министр, ТИМ, ал тургай президенттин канцеляриясынан орой, опузалаган жооп алды. Анткен менен андай реакция кыйла мыйзам ченемдүү, ал түгүл адилеттүү да туюлду. Себеби эки тоонун чөбүн эңсеген кез толугу менен бүткөн.

Немец каймактары, тагыраагы, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөндөр стратегиялык көрөгөчтүгү, акыл калчанган саясаты менен таанылган. Алардын далалаты менен Германия Европанын экономикалык кыймылдаткычы жана геосаясий лидерине айланган. Анан да дал ошолор эпчилдик менен Кошмо Штаттардан өлкө үчүн артыкчылык жана жеңилдиктерди макулдашкан. Ошончолук эбегейсиз геосаясий капиталдан ушунчалык бат кол жууп калышы акылга сыябы? Вашингтон азыркы немец башкаруучуларынын бир бөлүгүн колго алып, көзөмөлүнөн чыгарбай келет. Ал топко айрым саясий партиялар, негизги маалымат каражаттары, бизнестин бир бөлүгү кирет. Берлиндин ашкере этияттыгы, океан ар жагындагыларга кылчактаган аракеттери да ошондон.

Азыркы геосаясий жана экономикалык туңгуюк (ага ФРГ өзүн-өзү кептеди) дээрлик бир жыл мурун дал бүтүндөй элитасынын, атлантисттерге ыктаганы да, улуттук кызыкчылыкты туу тутканы да Россияга каршы биригишинен келип чыкты. Өз кесиптештерин акыл калчоого чакырган Герхард Шредер өңдүүлөр ал кезде манжа санагына араң чыкчу. Эми Берлин эсин жыйып, салмактуу саясатка кайра кайтууга далалаттанып жаткандай. Бийлик өзүнүн тышкы саясий оюнун баштап, эң оболу өлкөнүн кызыкчылыгына иштөөнү баштады. Бирок баары кеч. Кээде немецтер америкалыктардын эбин таап, поляктарды ордуна коюп, кайрадан Европаны тескеп, толук суверенитетин кайра калыптандырат деген пикирлерди тыңдоого болот.

Болгону былтыр Германия өзүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болуп, дымагын күчөтүп турган маанилүү булактан – Россия менен кызматташуудан куру жалак калды. Эми өзүнүн улуу держава экенин көрсөтүп, улуттук кызыкчылыктарын коргоого умтулбасын, мезгилдин чындыгын өзгөртө албайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

Последние новости