www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зулушев менен чатакташып жүргөн «Уу коргошун» экс-министр Бейшеналиевдин эң эле чатак иштеринин бири дагы бир экс-министр Сабырбек Жумабековдун алтын колдорун көрө албай асылып жүрүп кызматынан кетирген. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев саламаттык сактоо министри кызматына бараткан Гүлнара Баатыровадан ортопед Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынышы боюнча пикирин сурады.
"Сабыр Артистбековичти абдан сыйлайм. Кыргызстандагы эң мыкты травматолог, бизде эле эмес чет өлкөлөрдө дагы таанымал академик, профессор. Азыр травматологиянын жарымы Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына, жарымы Улуттук госпиталга келди. Травматологдорду чогултуп, маселени кайра карайлы деген оюм бар. Сабыр Артистбековичтин кызматын колдо бар алтындай көрүп пайдаланышыбыз керек. Мындай мыкты адистерибизди сөзсүз түрдө баалашыбыз зарыл", — деди Баатырова.
Ушул жылдын башында Бишкек Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөн. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна Памир Муратовду дайындаган.
1995-жылы медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабековдун Кыргыз курортология институтуна ортопедия боюнча директордун орун басары жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы болуп келиши менен Кыргызстанда биринчи жолу ортопедия боюнча илимий бөлүм ачылган. Бул бөлүмгө институттун ортопедия, операциялык блок жана реанимициялык бөлүмдөр кирген. Уул мезгилден баштап кыргыз травматологдору үчүн жаңы илимий доор башталган, анткени илимий бөлүм бардык иштерди бир калыпка салып,бардыгын бириктирип, алдыга кандайдыр бир максат коюп, ошол иштерди ишке ашыра баштаган. Ошондуктан, эң биринчилерден болуп 1996-жылы Жумабеков Сабырбектин жетекчилиги менен илимий долбоор иштелип чыгып, Илим жана интеллектуалдуу менчик мамлекеттик агентчилигинин каржылоосу менен долбоордун негизинде ортопедия жана травматология боюнча илимий кызматкерлердин саны өскөн. Андан тышкары Жумабеков Сабырбектин жеке демилгеси менен илимий бөлүмдүн базасында Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун бүтүрүчүлөрү үчүн «травматология - ортопедия» адистиги боюнча клиникалык ординатура ачылган.
Борбор Азияда биринчи жолу Жумабеков Сабырбектин жетекчилиги менен микрохирургия ыкмасына салып, белгилүү немец фирмасы «Эскулап» жана жаңы муундагы эндопротездөөнүн жардамы менен грыжаларды алып салуу жүргүзүлгөн.
Жумабеков Сабырбектин жеке демилгеси менен 2004-жылы Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек илимий –изилдөө борбору (БНИЦТиО) 4-шаардык ооруканасынын базасында ачылат. Ушунун негизинде Кыргыз курортологиясында 3 бөлүмдүн ордуна бир гана ортопедия боюнча бөлүм ачылат. Азыркы мезгилде Кыргыз Курортологиясындагы ортопедиялык бөлүмдө остеохондроз табилдүү эмес формасы боюнча,егенеретвдүү спондилолистез жана жана башка иштер боюнча Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек илимий –изилдөө борбору (БНИЦТиО) менен биргелешип иш алып барышат.
Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызстанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келип, бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан 21 жаштагы Темирбек Бекбоев кирмей болгон.
КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабеков жөнүндө айта кетпесе болбос. Ал 1964 жылы 11-августта Таластын Кара-Буура районунун Сатыке айылында туулган. Оорулууларга шыпаа берген сандар. 450дөн ашык илимий иштин автору, 35тен ашык илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун чыгарган. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасап, алар патенттелген. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган. Мындан тышкары 1 миллиондон ашык бейтапка консультация берген. Алтын колдуу ортопед Сабырбек Артисбекович тууралуу сөз кылсак.
Энесинин сүтүн 17 күн гана эмген. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын улуусу. Апасы эмчеги ооруп, уулун 17 гана күн гана эмизген. Таенеси уй фермада иштегендиктен небересин уйдун сүтү менен үч жашка чейин чоңойтуп берген. Кийин Сабырбек таенесине ынак болуп чоңоет. Анын "эмнегедир таенемдин үйүнө баргым келе берчү, мунун айынан бир күнү атаман таяк жегем" деп айтканы бар.
4 мектепте окуган. Өзүнүн айылынан үч жыл окуп, 8-класска чейин таенесинин үйүндө жүрүп окуган, 9-классты дагы башка жерден окуп, ал жактан балдар менен мушташа берип, онду мектеп-интернаттан бүткөн. Өзүнүн айтымында, тентектигине карабай төрт мектепте тең жакшы окуган. Өзү теңдүүлөрдү кичинекей көрүп, тоготпой, өзүнөн үч-төрт жаш улуу балдар менен көбүрөөк жүрчү.
10 жашында акча кармап… Биринчи жолу 3-классында атасына кой кыркканга жардам берип айлык алган. Ошондон тарта жыл сайын тамекиде иштеп акча таап турган. Тапканын инилеринин кем-карчысына тыгын кылып берип турчу. Үйдүн улуусу болгондуктан нан жаап, уй саап, эшиктин да жумушун катырып, айтор жонунан түйшүк кетчү эмес. Өзүнүн эскерүүсүндө "Болгону 22:00-23:00 чейин бир гана саат сабак окуганга убактым болгон" деп айтканы бар.
Зууракан Кайназарова болгондо… 7-классты бүткөндө мектеп жетекчиси 13 баладан турган бригада түзүп Сабырбекти башчы кылып дайындаган. Ошондо он үч бала менен 10 гектардын ар биринен 800 центенерден кызылча алышкан. Бул эмгегинин арты менен облустан биринчи орунду алып, сый-урматка татып, 1000 сомдун тегерегинде акча алышкан.
Өспүрүмүндө өкчөлгөн тагдыр. "Сөөк дарыгери болом" деп келечек кесибин 10 жашында эле тандаган. Ошол учурда атасынын буту ооруп, түнү менен какшап кыйналчу. Анын ооруну басаңдатуучу дарыларды топ-тобу менен ичкенин көрүп, алдына дарыгер болуу максатын койгон. Кийин дарыгерлер атасын туура эмес диагноз менен дарылап жүргөнүн билет. Айылындагы эле хирург байке атасына операция жасап, сөөгүнө толуп калган ириңди алып чыккан.
Жашында жалындаган ишмердүүлүк. Мектепти аяктаганда борборго келип Медициналык институтка тапшырат. Тажрыйбадан өтүп келүү үчүн Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутту тандаган. Ал жактан эки жылдык тажрыйбадан өтүп, алты жылдан кийин 26 жашында илимдин кандидаттыгын жактаган. Андан кийин 1995-жылы 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактап Кыргызстанга кайтып келген. Бүгүнкү күнү КМШ масштабында отуз жашында доктор аталган жалгыз травматолог-ортопед.
Өлүктөр менен токоч жеген күндөр. Болочок ортопеддин студенттик кездери да кызык окуялар менен коштолгон. Анын "Группадагы 14 баланын жетиси эле окууну толук бүттүк. Баш көтөрбөй окуган күндөр көп болду. Анатомия сабагынан өлүктү алып келип алып окучубуз, анан курсак ачканда токоч жей калчубуз. Анда кол кап деле жок, ошо сөөктү кармаган кол менен деле шам-шум эте берчүбүз" деп эстегени бар.
Саясатчы медик. 2008-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, ант берер күнү фамилиясы аталганда чыгып, анттын ордуна арызын окуп туруп кетип калган. Ал бул тууралуу "ошол түнү элдерге жардам берүүдөн айрылып калаарымды элестетип, эртеси эч ким менен акылдашпай, айтпай туруп, депутаттыктан баш тарткам" деген жайы бар. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалганда деле күнүгө бейтапканада саат 3кө чейин болуп оорулууларды көрүп, операцияларды жасап жүргөн. Бир жылдан кийин кызматын өткөрүп берген.
Тамекинин арасынан тапкан сүйүү. Илгери студент кезинде атасы талаада иштегендердин бригадири, Сабырбек болсо чоң жүк ташуучу машине менен терилгендерди ташып айдоочусу болуп калат. Ошол күндөрдүн биринде улуттук университеттин абитуриенттери да тамеки тергени келишет. Ал "Россиядан жаңы келип бети-башым апапакай, жакшынакай кийинип алып кыздарга тийишип жүргөн убак эле. Бир күнү талаадагы тамекинин арасында иштебей отурган эки кызды көрүп, жалкоо кыздар окшойт деп ойлоп койгом. Кийин ошол кыздын бири жубайым Роза болду" деп айтканы бар. Жубайы менен бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Учурда төрт баланы тарбиялашат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg