www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минкабдын төрагасы Жапаров Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди Азербайжанга 49 жылга бергени турат. Кошуна-ашыналар Казакстан, Өзбекстан бүтүп эми Азербайжан калдыбы? Азербайжан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана куруу ниетинде. Акылбек Жапаров жасаган кадрдык өзгөртүүлөр бороону эмнегедир ал колдогон адамдарды кызматтан алынышы керек болгон министрлерди кыйгап өттү. Болгондо дагы коомдун иренжиткен министрлер ордунан козголгон жок. Электр энергиясын эптей албай, кышында элди кыйын кырдаалга кептеген Минкабдын төрагасы Жапаровдун жердеши, курсакташы,  Энергетика министри Таалайбек Ибраев биринчилерден болуп иштен алынса жарашмак. Эл да колдомок. Отурат мурдун балта кеспей. Ушул кантип адилеттик болсун.

Ээлеген кызматтык ордуна төп келбеген Каржы министри Алмаз Бакетаевди эмнеге Минкабдын төрагасы Жапаров эркелетип жатат түшүнүп болбойт. Мына Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирип камалып, көп өтпөй бошоп кетти.  Каржы министри Алмаз Бакетаев бекиткен айлыкка ылайык, кекиртеги кернейдей Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” холдингинен айына 45 миң доллар, Кумтөрдөн айына дагы 55 миң доллар маяна алып турган. Жалпы 100 000 АКШ $. Бакетаев кандай негизде Тенгиз Бөлтүрүккө ири суммадагы олчойгон айлык коюп берди. Мыйзам жол береби, бул жагы дагы өзүнчө укуктук жоопкерчиликти талап кылган жагдай. Демек кийин Бекетаевдин "шектүү" ишмердүүлүгү боюнча да жоопкерчилик маселеси күн тартибине коюлат. 

Минкабдын төрагасы Жапаров Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кетирсе, эл макул демек. Жазда дыйкандар суу жок, айдаган эгин, жашылчасы күйүп киреше таппай, банкрот болушту. Түшүмдүүлүк кыскарды. Айыл чарбасын колдоо үчүн дыйкандарга, фермерлерге бөлүнгөн арзан насыялар даректүү жетпей калганын Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин айтышты. Бир башым деген жок.

Дагы бир Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди айталы, Кыргызстандын тышкы саясатын "өлтүрүп" бүттү. Кылы кыйшайбай отурат. Ырасында, соңку жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты чеке жылытпай жатканы баарына эле маалым. Өзгөчө эзелтен өнөктөш катары саналган Россия менен дипломатиялык мамиленин солгундашы өлкөгө, өлкө башчысына болгон ишенимди кыйла эле төмөндөтүп жиберди. Анан ушундай кадрды Минкабдын төрагасы Жапаровдун бөпөлөп кармап отуруштун кажети барбы?  Кулубаев сыяктуу өз ишин тарта албаган министрдин кесепетинен өлкөнүн тышкы саясаты туңгуюкка кептелбеш керек. Тышкы саясатты жүргүзүүгө дасыккан чебер дипломаттын болушу абзел. 

Транспорт жана жол министри Тилек Текебаев деген жеңден кончко куюлган бирөө бар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ноокат жолун 1-сентябрга чейин бүткөрбөсөң кызматтан кетип, жооп бересиң» деген талап койду эле, августтун аягында Текебаев «Ноокат жолуна асфальт төшөө иштери бүттү» деп жар салган. Анысы беш күн өтпөй тешилип, ишпалдасы чыгып жатат. Андыктан, эл аралык маанидеги 4 тилкелүү жолду, эки тилке кылып, анан да 3 катмар болчу калыңдыгын бир катмар кылып бүттү кылганы Текебаевге эчак кылмыш иши козголуп, жоопкерчилик тарта турган жерде болчу. Себеп дегенде, жаңы салынган асфальт тешилип жараксыз болуп, мамлекеттин миллиондогон каражаты талаага чапчылып жатпайбы? 

Кыскасы, жогоруда майлуу кызматтарды мыкчыган аттары аталган былыктуу министрлер былкылдабай ордунда калып, элге анчейин зыяны тийбеген пайда-батасы жоктор ыргып кетти. Минкабдын төрагасы Жапаров Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан 17 гектар жерди Азербайжанга 49 жылга бергени турат. "Парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот", — деп жазды депутат.

Бекешевдин айтымында, өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алат. Мындан тышкары, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости