www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс: Азия оюндарына Кыргызстандан 6 мушкер барат

Кытайда өтө турган Азия оюндарына бокс боюнча мелдешке Кыргызстандан 6 мушкер барат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында өтөт. Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандыктар спорттун 23  түрү боюнча мелдештерге катышат.

Кыргызстан бокс боюнча курамасы:

— 51 кг Нуржигит Дүйшөбаев;

— 57 кг Мунарбек Сейитбек уулу;

— 63,5 кг Аскат Култаев;

— 71 кг Нурадин Рустамбек уулу;

— 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;

— 92 кг Эркин Адылбек уулу;

Машыктыруучулар:

— Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучу;

— Улан Сагынбаев, машыктыруучу;

— Акыйкат Абаев, машыктыруучу;

— Беганас Султанбаев, машыктыруучу;

— Бейшенбек Сабатаров, машыктыруучу.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости