www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликти жоктотпой иштеп жатышат. Өкмөт башында жаш кезинде трайбализмге алынып кочкорлук деп Бекболот Талгарбеков көтөрмөлөгөн Акылбек Жапаров турат. Моңолдор уурусунан чыккан Бекболот Талгарбековдун шакирттеринин бири экс -премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айылдашы. Ал эми дагы бир  экс -премьер-министр Сапар Исаков кочкорлук жердеши. Бекболот Талгарбеков убагында айыл чарбасына реформа жасап ошол кездеги партбосстордун жаман сөзүн көп уккан. Убакыт өттү азыр эски СССРде өз алдынча айыл чарбасына реформа жасаган Бекболот Талгарбековдун эл үчүн жасагандары сыймык менен айтыла баштады. Ошол мезгилде айыл чарбасына реформа абадай керек болгон. Аны жасаш үчүн жүрөктүү, эч кимден коркпогон келечекти ойлогон адам керек эле. Эгер өз  жанын ойлосо тынч жатып алып, оокатын кылып, байлыгын өстүрө берсе болмок. Анда азыркы чоңдорго окшоп байлык жагынан миллионер, миллиардерге айланмак. Элди ойлоп, келечекти ойлоп  Бекболот Талгарбеков тынч жата алган жок. Көп сөздөргө карабай партбоссторго каршы чыгып реформаны баштады. Бир гана өкүнүчтүү нерсе бул реформа аягына чыккан жок, ортодо 2005-жылы бийлик алмашып кетип кооператив жөнүндө максаттар ишке ашпай калды. Бекболот Талгарбековдун ишин байкаган Бакиевдик бийлик анын максаттарына жетиши үчүн өбөлгө түзүүгө даяр эле. Ошол мезгилдеги президенттин пресс-катчысы азыркы парламент спикери Нурлан Шакиев Бекболот Талгарбековго кайрылып ишин уланта берүүнү суранган, арийне башкаларга окшоп ошол кездеги бийликке жетип барбай ал «Аскар Акаевич менен иштештим эле» деп жеңил баш тарткан. Атамбаев бийликке келгенде Бекболот Талгарбеков анын кылып жаткан иштерине нааразы болуп «Элдик парламентти» түзгөн. Анын мындай сыпатты үчүн «темир тордун» артына камаган.

 

Бекболот Талгарбеков 1955-жылы 3-мартта Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. Бекболот мырзанын үчүнчү атасы Адырай, дагы үч бир тууганы менен XIX кылымдын соңунда Ак-Талаадан ооп, Кочкордун Талаа-Булак деген жеринде турукташып калышкан. Адырай дүйнөдөн эрте өтүп, артында Мамбет, Кулмат деген эки уулу калат. Мамбет да эрте каза болуп, Салмоорбек төрт жашта, Талгарбек эки жашта жетим калышат. Мамбеттин аялы Токтобүбү жаш жесир калгандыктан, төркүндөрү азыктар алып кетишип, башка күйөөгө беришет. Саяктар намыстанып, Салмоорбек менен Талгарбекти өздөрүнө алып калышат. Бирок кимдир бирөө аларды асырап албайт. Экөө улам бир бир туугандардын үйүнө көчүп, эптеп чоңоюшат. Жетимдер тирикарак болушат эмеспи. Экөө тең тың чыгышып, өз оокаттарын жөндөп кетишет.

Талгарбек 8-классты бүтүп эле колхозго жумушка кирет. Он алты жашынан баштап «учетчик» деген кызматты аркалайт. Он сегиз жашында алгачкы ирет жаңы кийимге жетип, өзүнө чолок тон тиктирип кийет. Ал кезде бул – азыркы жаштар өздүк автомашинага ээ болгонго барабар болсо керек. Ошол убакта колхозго Бишкектен артисттер келип, концерт коюшат экен. Аларды алп акын Алымкул Үсөнбаев жетектеп келиптир. Концерттин соңунда «Андалек» деген ыры менен он төрт жашар өспүрүм комуз чертип чыгат, элге жагат. Концерт бүткөндө Талгарбек ал өспүрүмдү чакырып, «экөөбүз дос болуп жүрөлү» деп үстүндөгү чолок тонун чечип, ага кийгизет. Ал өспүрүм – келечектеги залкар акын Эстебес Турсуналиев экен. Экөө бири-бирин терең сыйлашкан, кыйышпас достор болушкан. Эстебес коллективи менен Талгарбектин айылына көп барчу дешет. Ал кезде мейманкана жок. Клубдагы концерт бүткөн соң баары Талгарбектин үйүно барчсу. Замандын залкар инсандары Тууганбай Абдиев, Асанкул Шаршенов, Замирбек Үсөнбаев жана башка көптөгөн артисттер Талгарбектин үйүндө болушкан. Талгарбек 1987-жылы ооруп каза болуп калды.

Бекболот Талгарбеков жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

1972-73 — Кочкор районундагы «Коммунизм» совхозунда жумушчу;

 1973-79 — Улуттук университетинде студент;

 1979-91 — Кыргыз ССР илимдер академиясында аспирант;

 1991 — КР президент аппаратынын консультант-эксперти;

 1991-92 — КР айыл чарба министринин биринчи орун басары;

 1993-96 — Айыл чарба министринин биринчи орун басарынан министрдин милдетин аткаруучуга чейин иштеген;

 1996-97 — Агрардык саясат боюнча вице-премьер-министр;

 1997-1998 — Жалал-Абад облусунун губернатору;

 1999-2000 — КР президент аппаратынын агрардык саясат бөлүмүнүн башчысынын кеңешчиси;

 2000-2002 — КР президент аппаратынын агрардык саясат бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана мамлекеттик саясат бөлүмүнүн башчысы;

 2002 — КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси;

 2011 — КР президенттик шайлоого талапкер Камчыбек Ташиевдин штабында иштеген.

2016-жылы «Элдик парламентти» түзүп, Атамбаевдин бийлигин сындагандыгы үчүн тордун артын көрүп келди.

2025-жылы 3 мартта 70 жашын белгилей турган Бекболот Талгарбековго эмне демекчибиз,элдин бары узак өмүр жаш тилейт, бирок эч кимдин карыгысы келбейт. Бекболот Талгарбековго да узак өмүр тилейбиз, бирок эч качан карыбаңыз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости