www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга сандык чектөөлөр киргизилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Анын негизги максаты ата мекендик зергерчилик тармакты коргоого жана баалуу металлдарды, курамында баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүдө ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Анын негизинде жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 7-тиркемесинин Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколунун X бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

— Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин Баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобого (Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” чечиминин 14-тиркемеси) ылайык бир тараптуу тартипте бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун негизинде баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки товарларды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7106, 7107 00 000 0, 7108, 7109 00 000 07111 00 000 0 товардык позицияларына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга 500 кг ашык эмес көлөмдө алты айлык мөөнөткө сандык чектөө киргизилсин.

Кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости