www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан менен Ооганстанда 21-март күнү кечинде катталган күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенде 13 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, тогуз киши Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтанхва провинциясында мерт болсо, төрт киши Ооганстандын Лагман провинциясында каза тапты.

Буга чейин, Ооганстанда табигый кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болгону кабарланган.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Журм уездинен түштүктү карай 40 чакырым аралыктагы жерде орун алды.

Пакистандык The New гезити бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Сват окуругундагы ооруканаларга жаракат алган 250 киши жеткирилгенин кабарлады. Аймакта жарандык инфраструктуралар талкаланган.

Бул жер силкинүү Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда да сезилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости