www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу жер титирөө 11 адамдын өмүрүн алды

Ооганстандын түндүк-чыгышында жана Пакистандын бир катар ири шаарларында болгон катуу жер титирөөдөн кеминде 11 адам каза болгонун CNN билдирди.

Табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин басма сөз катчысы Шафиулла Рахиминин айтымында, Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Лагман провинциясында кеминде 2 адам каза болуп, 8 киши жарадар болуп, 20дай үй кыйрады.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында үйлөрдүн жана башка имараттардын урашынан кеминде 9 адам, анын ичинде эки бала каза болгонун Пакистандын провинциялык табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди. Провинцияда кеминде 44 киши жараат алды.

Бугай чейин табигый кырсыктан Пакистанда эки киши каза болгону кабарланган.

Белгилей кетсек, 21-мартта Ооганстанда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу менен чектешкен тоолуу Бадахшан провинциясынын Ишкашим шаарынан 50 чакырымдай алыстыкта ​​күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда да сезилген.

Ал эми, ӨКМдин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости