www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте түндө жөө адамды унаа сүзүп кетти

Бишкекте айдоочу жөө адамды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Малыматка караганда, жол кырсык 22-мартка караган түнү Токтогул менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ravon Nexia R3 унаасынын И.Ю. аттуу айдоочусу Токтогул көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Н.А. аттуу 39 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Натыйжада жөө адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Последние новости