www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттык комиссия Кумтөр боюнча корутундусун жарыялады. Андан бери андагы айтылган жыйынтыкка коомчулук ишенерин билбей турушат.

Дегенибиз, депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев быйылкы жылдын 30-январына карата алтындын запасы 45,3 тонна болгонун, анын 43,9 тоннасы Улуттук банктын кампасында экенин, 1,3 тоннасы Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында жатканын айткан билдирүүсү коомчулукту ынандырган жок. 

Анткени, Малиевдин айтымында, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын аягына чейин бюджетке 44 млрд 679 млн сом түшкөн. Бирок бул өтө аз. Бул болгону 500 млн. долларды түзөт. 

Баяндамачы белгилегендей, комиссия «Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» жана Улуттук банк сакталып турган, ташылып чыккан жана сатылган алтынды уурдаган же көлөмүн, сапатын жана баасын атайылап бурмалаганы тууралуу фактылар жок деген бүтүмгө келген. 

Ал эми Өлкө башчысы Садыр Жапаров Нооруз майрамында сүйлөгөн сөзүндө: 

– Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында болуп көрбөгөндөй көлөмдө алтын корун топтоого жетиштик. Аны ар кандай кырдаалдардын камын көрүү үчүн коопсуздук каражатынын топтому катары кармап турабыз. Ушул сыяктуу көзгө көрүнөрлүк иштерибиз барган сайын арбып, алдыга койгон ой-максаттарыбыз орундалып барат. Эки жылдан бери өлкөбүздө бекем ынтымагыбыз, жапырт аракетибиз менен көзгө көрүнөрлүк иштер жасалып жатат. Өткөөл кезең аяктап, өнүгүү көчү башталды десек болот, - деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости