www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-мартта Жогорку соттун имаратынын алдында эки милиция кызматкери жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өттү. Митингге чыккандар соттук инстанциянын өкүмүн жеңилдетип жибербөөнү талап кылышууда.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери райондук соттун чечимине даттанганына байланыштуу бүгүн Жогорку сотто иш каралып жатат .

Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда, Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Ал эми үчүнчү айыпталуучу — базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости