www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-мартта Октябрь райондук соту кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча ишти карап жатат.

Айыпталуучулар: президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбеков, ИИМдин төрт кызматкери, ошондой эле "смотрящий" статусуна ээ Данияр Шүкүров, Эрнис Кубанычбеков, Мухамед Замирбеков, Сыймык Биримкулов жана Доорон Асанбек уулу бар. Акыркысы Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүн өз мойнуна алган.

Бишкектеги №1 СИЗОнун башчысынын орун басары Мирбек Келдибеков сот залында суракка алынды.

"30-июль күнү саат 16:00дөр чамасында жалпы коңгуроо кагылды. Мен нөөмөт бөлүмүнө чуркап барсам, 3-кабатка чыккыла дешти. Ошол жерден камерада Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денесин көрдүм. Мен ал жерден Эрлан Тажибаевге жолуктум, ал болгон окуяны айтып берди”, - деди Келдибеков.

Ал кошумчалагандай, кийинчерээк СИЗОнун борбордук аппаратынын нөөмөт бөлүмүнө Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат түшкөн.

"Мен камерага кирген жокмун. Тергөө тобу келгенде камера кайра ачылды", — деп түшүндүрдү Келдибеков.

Мамлекеттик айыптоочу Келдибековдон адам өлтүрүлгөн күнү эртең менен өздүк курамга түшүндүрүү иштерин ким өткөргөнүн сурады.

"Мен саат 08:30да нөөмөткө чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Мени менен бирге СИЗОнун башчысынын орун басары Дүйшөналиев жана СИЗОнун башчысынын оперативдүү иштер боюнча орун басары Жусупов (азыркы соттолуучу) бар болчу", — деди Келдибеков.

Булак: NazarNes.kg 

Последние новости