www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилей кетсек, соңку айларда Улуттук банктын алтын корунун баасынын төмөндөшү байкалып жатат. 

Маселен, февраль айында Улуттук банктын алтын корунун баасы 3,6 миллиард сомго азайды. 

Январдын соңунда Улуттук банктын резервинде 16,4 тонна алтын бар болчу. Ал 1 миллиард долларга бааланган.

Башкы банктын сайтындагы маалыматка ылайык:
февралдын башы — 87 миллиард 356,3 миллион сом;
марттын башы — 83 миллиард 783,1 миллион болуп азайган. Бирок анын себептери айтылган эмес. 

Ошондой эле, быйылкы жылдын февраль айында Улуттук банктын эл аралык (алтын-валюта) валюта резервдери 204,5 миллион долларга түштү.
Улуттук банктын кору:
январдын соңунда — 2 миллиард 749 миллион 990 миң доллар;
февралдын соңунда — 2 миллиард 545 миллион 520 миң долларды түзгөн. 

Улуттук банк жыл башынан бери беш жолу интервенция жасап, жалпысынан 262,2 миллион, 170 миң доллар сатты.

Март айынын эсебинен Улуттук банк валюта рыногуна 35,6 миллион доллар саткан. 

Ал эми январда 104 миллион 250 миң, февралда  122 миллион 920 миң доллар саткан эле. 

Ошого карабастан быйылкы жылы доллардын курсу жыл жаңыргандан тартып кескин өсүп отуруп 1 доллар дээрлик 88 сомдон ашты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости