www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Атамбаев тууралуу интернет баракчаларында ар түрдүү кептер айтылып жатат. Айрымдары Атамбаевди колдосо, калганы анын айткан сөздөрүнө таң калып жаткан маалы. Мына ошондой пикирлерди калтырган филолог Эдил Азимов өзүнүн жеке "Фейсбук" баракчасында төмөндөгү пикирин билдирген:

  Кой-Таштагы хансарайында «ай талаада жалгыз калгандай» болуп калган экс-президент Алмазбек Атамбаев учурда ар кайсыл саясатчыларга «жем» ыргытып, кудум ууга чыккан мергенчидей болуп турат. «Ушуну бир аз мактап койсом, мага кошула калат болду бекен» деп ар кимдин тамырын тартып атканын коомчулук деле байкап турат. Чындап эле айрым саясатчылар азыраак алданып барып, анан кайра артка чегинишүүдө. 
Кантсе да, Атамбаев ашынган куу киши эмеспи. Мына ушундай «жем» ыргытуу аркылуу ал Н. Түлеевди өзүнө тарткысы келди. А. Бекназаровду да тартып көрдү. Р. Жээнбековду тартты. Акыр-аягында А. Мадумаров менен Ө. Бабановго «кылтак» коюп көрдү. 
Булардын ичинен учурда абалы бир топ чатагыраагы Бабанов экени белгилүү. Андыктан ал тууралуу «бал сөздөрүн» айтып, «Кыргызстанга коркпой эле кайтып келе берсе болот» кыязын жасады. АША деле Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе камакка алынарын билип турат. Анан ал камакка алынса, анын тарапташтары митингге чыкса, ошону андан ары күчөтүп жиберейин деген эле ою болду да. Ошондой жол менен мамлекетибизде башаламандык уюштуруп, өзүнүн алты жылдыгында коррупциялык иштерин жаап койгусу келип турат. 
Бирок, Бабанов да куулугу жагынан АШАдан кем калбайт. Андыктан ал экс-президенттин интригасына алдана турган түрү жок. Муну бизге Бабановдун жакын санаалаштары шыбырашты. Алардын айтымында, Бабанов Кыргызстанга кайтып келбейт. Кайтып келсе, түрмөнүн төрүнөн орун алып калаарын эң сонун түшүнүп турат. Анын үстүнө Бабановго бизнестерин тарттырып жибергендер, анын мамлекетибизге кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп турушат. Келсе эле «эсептешет» элек деп колдорун ушалап турушканын да айтып коюу керек. Андыктан АША Бабановдон башкасына кылтак койгону туура болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости