www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улуттук энергохолдинг» президент Сооронбай Жээнбековдун сынына макул эмес. Бул тууралуу мекеме билдирүү таратты.
«Улуттук энергохолдинг» өлкө башчысы аларды негизсиз сынга алганын айтып, калкты тейлөөчү борборлор Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында ачылганын маалымдайт.
«Калкты тейлөө борборлору жарандарга кызмат көрсөтүү убактысын кыскартты. Андан тышкары, электр жарыгы боюнча маалымат алуу үчүн 1209 номери күнү — түнү иштейт», — дейт «Улуттук энергохолдинг» .
Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрда Коопсуздук Кеңештин жыйынында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Азамат Абдыкаловду сынга алып, начар иш алып барып жатканын айткан. Өлкө башчысы баардык жетекчилерден Кыргызстандын санариптештирүүсүнө салым кошуп, жаңы технологияларды ишке киргизип, колго алууну буйруду.
Булак: NazarNews.kg