www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов деле мээ кайык болуп калганбы?

Президенттик шайлоодон кийин Москвага безип кеткен Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши кыйын болду.

Так позициясы жок, анча - мынча маселеде ойт бермейи бар Бабанов дага эле суу жүрөктүгүн коё элек. Бул кебетеси менен ал кантип президент болмок деген ой туулат. Келчү киши Канат Исаевге сөйкөнбөй эле өз алдынча келе берсе болбойбу. Баарынан да бул жигиттин келет - келбейти көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда.

Өлкө үчүн баарынан коркунучтуусу кыйын кырдаалда сырттан сынап турган эмеспи. Эмнеси болсо да август айында келем деп жаткан Бабановго Кудай Таалам дем -  күч анан жүрөк берсин. Эмкисинде элдин башын айлантып, дагы бир жолу мээ кайыктанса ошону менен иши бүтөт биротоло, - дейт "Ачык саясат" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости