www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин коом аялга өлүгүн артканды абдан өздөштүрүп алган..

Жанагы аялды сыйлап, аялга жаман айтпаш керек, кыргыздын кыздары кымбат, кыргыз эли кызын сыйлайт деген сөздөр ата бабалар менен кошо көмүлгөн...

Кечээтен бери Гүлзат Мамытбектин күйөөсүнөн тепки жегенин эркектер талкууга алып, эркектер каргап шилеп жазып, эркектер табасы канып эркектер өзүнчө сот болуп эркектер күйөөсүн эркек деп олтурушат...

Силердин эркектигиңер ушулбу? 

Бир карындашыңар Гүлзаттын ордунда болуп калса күйөө балаңардын башын жулуп алмаксыңар..

Анткени карындашыңар Алматы менен Астананын суук ысык күндөрүнө чыдап иштеп тырышып акча салган...

9 ай бала көтөрүп толгоо тартып төрөгүлөчү биринчи!!
Анан баланын кадырын билесиңер..

Аял байкуш күлбөсүн да, сөзсүз коом аны ыйлатуунун миң амалын табат...
Күйөөсүнүн иши жүрүшпөс ким күнөөлүү?

Аял....жакшы аял жаман эркекти хан кылат имиш. Жаман эркек жакшы аялдын кактабай канын ичип, суурубай жанын алып жатканы менен иши жок эч кимдин...
Күйөөсү балдарды талашса аял күнөөлүү..

Эмнеге үйдө өзү окуйм өнүгөм деп чыгып кетет. Зөөкүр эркектин муштума тепкисине чыдап балдар үчүн көйнөктүн ичинде куурап жашаса Гүлзат бүгүн азамат катын болмок!

Муну менен эркектердин баарын күнөөлөбөйм, бирок аял байкуш коомдо тепкиден башка ырахат албаганына ичим күйөт...

Аялды экинчи сорт көргөн коом эзели жакшылык көрбөйт...

Ошол Гүлзаттын күйөөсүн "эркексиң" деп аткандар. Балдарын арка белге калтырып кете берген эркектерди неге күнөөлөп жаза бербедиңер экен..

Эркектерге баары боло берет деген мыйзамды качан аң сезимге киргизип койгонсуңар..

Байкуш аялдын койну толгон көз жашы, азабы тозогу менен ким эсептешет?

Эркектерби? 

Эркектердин кейпи ушулбу? 

Тажаттыңар!! чындап тажаттыңар. Гүлзат нерви күчтүү экен, тепки жесе да балапанын коргологон чымчыктай балдарына барып атат...

Башка улутка тийген үчүн күнөөлүүбү? Сүйүүсүн тапса тийсин. Жамандын жары болгончо жакшыны бир кайрылып күткөн жакшы дейт...

Бир күн дагы бактылуу болууга Гүлзаттын акысы жокпу бар...

Коом аялды кордоону улантса эртең өзү кор болот...

Баяна Кулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости