www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда мыйзамды такыр эле көзүнө илбей, өзү сот, өзү прокурор, өзү милиция, жада калса мыйзамдарды да өзү каалагандай бурмалап пайдаланып келди. Муну АША кызматын тапшыргандан кийин 2 жолу маек бергенде моюнга алган. 

Атамбаев мындан башка аскердик чиндерди ыйгарууда да одоно мыйзам бузууларга барган. Маселен, өзүнө берилип кызмат кылган бир катар адамдарга таптакыр туура келбесе да генералдыкты берип, бүтүндөй күч түзүмдөрүндөгү систамага чоң сокку урган. Буга ошол эле УКМКнын мурдагы жетекчиси, Атамбаевдин кайниси Абдил Сегизбаевди мисал кылсак болот.

Чынында Сегизбаев аскерде кызмат өтөгөн эмес жана К.Скрябин Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги Аскердик кафедрада билим албаган. Демек, аскердик билети жок. Негизи мыйзам боюнча ар бир эркек жаран мамлекеттик кызматка алынып жатканда сөзсүз аскердик билет талап кылынат. Сегизбаев болсо мындай документи жок туруп Аскар Акаевдин убагында маалымат катчы, АШАнын доорунда бөлүм башчы, кеңешчи, УКМКнын төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы болуп иштеди. Демек, анын бул баскан жолдорунун баары мыйзамсыз.

Андай болсо Сегизбаевдин аскердик билети жок туруп генералдык чин алганы да мыйзамсыз болот. 

Мындан сырткары Атамбаевдин колунан мурдагы жансакчысы Болот Сүйүмбаев да генерал-майор наамын мыйзамсыз алган. Анткени, ал бийликке келгенге чейин 25 жылда дене тарбия мугалимдик билимин аяктай албай, ар кайсы фирмаларда катардагы күзөтчү болуп турган. Болот мырзанын өмүр таржымалына көз жүгүртсөк актерлук кызматты да аркалаган экен. Генерал эмес капитандык чинге да жарабаган фигура болгон. 

Ал эми АШАнын дагы бир жансакчысы, мурдагы ИИМ ачендиги Улан Исраилов катардагы оперликтен майорго жетип, көп өтпөй генерал-майор болгон.

Атамбаевдин дагы бир жансакчысы Дамир Мусакеев болсо 3 ирет аскердик чинди мөөнөтүнөн мурда алып рекорд койгон. 

Чоң чатактын башы ушул жерде жатканын укук коргоо органдары билет бекен? Эгер билбесе биз эскертип коелу. Атамбаевдин мындай аракети аскердик чыккынчылык менен барабар. Укук коргоо органдары мыйзамга такай турган болсо АШАнын бул аракеттерине кол тийбестиги да тоскоол боло албай калат.

Булак: "Жалбырак"

Последние новости