www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Карамат айылындагы №32 Абдыкадыр Жапарбаев атындагы орто мектебинин директору Жумакүл Абданбаева 11-февралда Билим АКИpress басылмасына социалдык тармактарга тарап кеткен видео тууралуу өз пикирин билдирди.

Кадрдан улгайган агай окуучуну жакадан алып, партага урганын жана «Ким кыйкырды? Сен кыйкырдыңбы же башка бирөөбү?» деп урушканын көрүүгө болот.

Мектеп директорунун айтымында, окуя 21-январда 7-класстардын окуучулары сабак өтүп жатканда болгон. «Мугалимдин, окуучунун өзү жана анын классташтары түшүндүрүшкөндөй, окуучу тентек кылып, сабак өтүүгө тоскоолдук жараткан. Мугалим аны сыртка чыгарып койгондо, бала коридордон кыйкырып, мугалимди адепсиз, уят сөздөр менен сөгө баштаган. Биз ал баланын ата-энесин мектепке чакырганда, алар баласы чындыгында эле тентек экенин мюнга алышты. Ал эми мугалимге окуучуга кол көтөрүүгө укугу жок экенин айтып түшүндүрдүк», - деп билдирди Жумакүл Абданбаева.

Ал Касымбек Асранкулов 77 жашта экенин жана ал аталган мектепте физика сабагынан жалгыз мугалим экенин айта кетти. «Мектепте башка физика мугалими жок болгондуктан, биз аны жумшка алганбыз. Ал ошондой эле математикадан сабак берет. Агай райондук билим берүү бөлүмүнө жана прокуратурага түшүнүк кат жызып берди. Билим берүү бөлүмү аны жумуштан алууну каалап жатат, мен агай менен дагы бир жолу сүйлөшүп көрөм. Кандай чечим кабыл алынарын азырынча айта албайм», - деп кошумчалады мектептин директору.

Анын сөзүнө караганда, мектеп чоң, типтүү, бирок ички жана тышкы миграциядан улам билим берүү мекемесинде даярдоо классын кошкондо 270 окуучу гана билим алат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости