www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсалов бакырганы турат

«Бакырчаак төө» деген каймана ысымды илештирип жүргөн Эдил Байсалов саясатка билек түрө киришип, журналисттерди коргоо демилгеси менен коомдогу чон жүктү көтөрүүгө бел байлай турганы айтылууда.

Уюмдун бет ачарын жакынкы күндөрү жасап, калемгерлер жамаатын ка­нат кылуу менен бактысын сынаганы жатыр. Албетте, көпчүлүк нерсе каражатка көз каранды экени эч кимге жашыруун эмес, тыйының болмоюнча азыркы заманда идеяңды ишке ашыра албайсын.

Бирок Эдикең жыл жаңыргандан кийин Лондонго кетип, бир айдан ашык убактысын ошол жакта коротту. Демек финансы жагын бекем бышырган окшойт, бийликтин үшүн кетирген идеяны көтөрүп баштады. Неси болсо Байсаловдун иши байсалдуу болуп, тилеги тынчтыктын изинен чыкпасын. Бизге ызы-чуунун кереги жок!

Булак: “Мантыш”

Последние новости