www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев камалганда колдоп, кийинчерээк анын билдирүүсүнө каршы чыгып, кадыры кадимкидей кемий түшкөн «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер Нияз калктын калың катмарынан колдоо табыш үчүн «Манас» эпосунун негизинде көркөм фильм тартууга камынып жатканын ачыкка чыгарды. Кинону тартыш үчүн эки миллион сомдой акча керектелет экен, ага каржы маселесин чечүү аракеттери жүрүп жатыптыр. Албетте, чындап бел байласа, аталган сумманы Садык мырза жеке өзү деле чечип койгонго кудурети жетет. Бирок маселе жеке инсандык паирда жатышы ыктымал.

Дегенибиз, азыркы шартта гана айтылып, болочокто ишке ашпай турчу долбоор болушу ыктымал. Анан дагы Манас бабабыздын баянын кино кы­луу өтө опурталдуу иш экени айтылып келе жатат. Ага бел байлагандар көрүнбөгөн күчтөр тарабынан тоскоолдукка кабылган. Ошол себептен Манастын өзүн тартпастан, ал кантип айтылып жаткандыгы боюнча, т.а. манасчылар тууралуу тасмаларды тартышкан. Муну кыргыз эли жакшы билет.

Булак: “Мантыш”

Последние новости