www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы кырдаалдан улам өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин узартты. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн сайтында жарыяланды.
Документте Орусиянын Украинанын айланасындагы аракеттери жана саясаты “АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына адаттан тыш жана өзгөчө коркунуч жаратууну улантууда” деп айтылат. Андыктан өзгөчө кырдаал үстүбүздөгү жылдын 6-мартынан кийин дагы улантылышы керек.
Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу АКШда өзгөчө кырдаал 2014-жылдын март айынын башында киргизилген. Ошол кезде «Украинадагы демократиялык процесстерди жана институттарды бузуп жаткан адамдардын аракеттери жана саясаты; анын тынчтыгына, коопсуздугуна, стабилдүүлүгүнө, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүгө; жана анын активдеринин мыйзамсыз пайдаланылышына көмөктөшөт», деп аталган.
Он күндөн кийин орус өкмөтүнүн Украинага карата аракеттери жана саясаты коркунуч катары таанылган. Кийинчерээк жобо бир нече жолу кеңейтилген, анын ичинде Крым Орусияга аннексиялангандан кийин: 2014 жана 2018-жылдары Орусияга каршы кошумча санкциялык чаралар киргизилген.
Өзгөчө абалды кеңейтүү боюнча акыркы жарлык 2022-жылдын 21-февралында Москванын Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таануусуна байланыштуу кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg