www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички энергия таза болуш үчүн жаратылыштын, жараткан Кудайдын мыйзамын бузбай жашоо абзел. Башкача айтканда жан дүйнөбүздү аруу, таза сактоого милдеттүүбүз, деди парапсихолог Лариса Асанбекова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде.

– Саламатсызбы Лариса айым, учурдагы жер планетасындагы өзгөрүүлөр акыр замандын келишиби? 

– Жаңы доордун эшиги ачылып, Жер планетабыз менен бирге жаңы доорго өтүп жатабыз. Бирок, бул тууралуу канчалык айтылып, жазылып жатса да көпчүлүк адамзат көр дүйнөнүн көп көйгөйүнө чырмалып, сормо сазга ого бетер сорулуп баратканы менен иштери жоктой. Алар “ишибиз болгондо эмне кылмак элек. Кудайдын буйруганын, көпчүлүк менен чогуу көрөөрбүз” дешет. 

Туура, адамдын колунан эч нерсе келбейт. Себеби, адам жалгыз жашабайт. Биздин жан дүйнө энергиябыздын сапатына жараша көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн энергожандыктары (жогорку күчтөр, периштелер же кара күчтөр, жин-шайтандар) байланышка келип, адамды башкарып турат. 

– Демек, адамзат жашоону өзү тандап алышы керек э...

– Кудай адам баласына тандоо укугун берген. Кандай күч менен байланышат, ар бир адамдын өз эркинде. Ошого жараша тагдыры, ден-соолугу, иши өзгөрүп турат. Аалам кыймылда болуп, бардык планеталар, заттар бири-бири менен тыгыз байланышта. Мисалы, Жер планетасын эбегейсиз чоң самолёт деп, жер жүзүндөгүлөрдү жүргүнчүлөр, жүктөр деп элестетип көрүңүз. Самолёттун ичинде олтургандарга, саатына канча аралыкты басып өткөнү, канча бийиктикте учуп баратканы билинбей, ичиндегилерге самолёт учпай эле бир жерде калкып тургандай сезилет. Ошол сыяктуу Жер планетабыздын айлануу ылдамдыгы күн өткөн сайын тездеп баратканы адамзатка билинбейт. Бирок, убакыт илгеркидей болбой, таң атып тез эле күн батып, эч нерсеге жетишпей жаткандарын элдер айтып калышат. Жер планетасынын мурдагыдан тез айланып жатышын акыркы 15-20 жылдын ичинде өнүгүп жаткан техника да далилдейт. Канчалык планетабыз тез айланып, жаңы доордун энергиясына жакындап бара жаткан сайын адамзаттын аң сезиминде да өзгөрүүлөр болуп, утур бир ачылыштар болуп, ааламдын көшөгөлөрү биринин-артынан бири ачылып жатат. Бир аз жыл мурун дүйнө жүзүндөгү бардык шаар менен зымы жок байланыша алаарыбыз, ( уюлдук телефон, интернет, скайп ж/б) жомок сыяктуу сезилсе, алыскы тоолордогу ар бир адамда уюлдук телефондун бар экени кадимки көнүмүш нерсеге айланды. Ошентип, бардык адамзат “Жер” деп аталган кемеге түшүп, “Алтын доор” деп аталган жакка учуп бара жатканыбызды элестетиңиз. Ал жактын энергиясы башкача. 

– Мисалы кандай? Акыркы учурда “Алтын доор келе жатат” деген сөздү көп угуп жатамын.

– Мисалы, бардыгыбыз биз көнгөн 220 вольттук приборбуз деп коёлу. Биз бара турган доордун энергиясы 440 -500 вольт десек, ошол энергияга чыдай алабызбы? Албетте, “жок, биз ага туруштук бере албайбыз, күйүп кетебиз”, - деп жооп берээриңер бышык. Ооба, андай энергияга туруштук бериш үчүн барыбыз приборлорду ошого ылайыкташыбыз керек. Кээ бир адамдар бир шаардан экинчи шаарга барганда ал жердин абасына көнгүчө ооруп калышат. Ошол сыяктуу эле жаңы доордун энергиясын кабыл алганга даярданып, адаптация болушубуз керек. 

– Кантип?

– Бул суроого жооп бериш үчүн дагы эле самолётту мисал келтирейин. Биз түшкөн кемебиз өлчөмдүү гана салмакка ылайыкташтырылган дейли. Ашыкча жүк менен кеме уча албайт, ошондуктан ашыкча жүктөн арылышыбыз керек. Ал эми ашыкча жүк болуп терс энергия эсептелет. Терс энергия материалдык дүйнөгө жакын жайгашып, салмагы оор келет. Бул тууралуу биздин бабаларыбыз мурда эле билгендиктен, оорулуу адамдарды “жүк басып калыптыр” деп коюшкан. Чындыгында оорулуу адамдын денеси салмактанып, жаны жер тартып, жаткысы келе берет эмеспи. Ошондуктан бир кемеде учуп бара жаткан адамзат, кереги жок оор жүктөн арылып, болжогон алтын доорго аман эсен жетиш үчүн тазаланыш керек. Жер планетабыз ар кандай табигый кырсыктар, жер титирөө, суу ташкын, согуштар ( агрессия терс энергия) рак, инфаркт, инсульт жана айыкпас жугуштуу оорулар аркылуу “кереги жок заттардан” тазаланып жатканын күндө дүйнөлүк жаңылыктардан угуп жаткансыздар. 

– Ал эми мындай терс энергиядан адамзат кантип тазаланышыбыз керек? 

– Адамдын энергиясынын бузулушуна ички жана сырткы факторлор чоң роль ойнойт. Ички энергиянын бузулушуна ал адамдын ойлогон ою, жашоо образы таасир этет. Ал эми сырткы фактор ички энергиянын сапатына жараша “окшоштук окшоштукту тартат” деген космостук мыйзамдын негизинде жашаган коомубуздун, баскан жерибиздин, ар кандай адамдардын терс энергиясын тартып алуу менен терс таасири тийип бузулууга дуушар болот. Андай терс энергияны тартып албас үчүн албетте, ички энергиябыздын тазалыгына кам көрүшүбүз керек. Ички энергия таза болуш үчүн жаратылыштын, жараткан Кудайдын мыйзамын бузбай жашоо абзел. Башкача айтканда жан дүйнөбүздү аруу, таза сактоого милдеттүүбүз. Таза сактоонун, аруулануунун жолдору көп. Ар бир адам өзүнө керектүү жолду тандаса болот. Акыр замандан аруулук сактайт!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости