www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаттуулар тумоосу адамдан адамга жугуу жөндөмүнө ээ болуп, жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк коомчулук мындай сценарийге даярданышы керек, деп билдирди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Европа жана Борбор Азиядагы коркунучтуу патогендик топтордун аймактык бюросунун жетекчиси эпидемиолог Ричард Пибоди El País гезитине берген маегинде.

«Вирус адамдан адамга жана туруктуу жол менен жайылып, жаңы пандемияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Илимий коомчулук бул вирустардын генетикалык ырааттуулугун аларга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурда жеткиликтүү болгон вакциналарды иштеп чыгуу үчүн изилдеп жатат",- деди ал.

Эпидемиолог өлгөн же өлүп бараткан канаттууларга жана жаныбарларга тийбөөгө чакырды. Айрыкча үй канаттууларын багуу салтка айланган айыл жерлеринде маселе кооптуу экенине токтолуп, канаттуулар тармагында иштегендерди да коргоо зарылдыгын белгиледи.

Пибодидин айтымында, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон жапайы жана үй канаттууларын жок кылган куш тумоосунун жаңы эпидемиясы эки-үч жыл мурун А (H5N1) вирусунун өзгөчө түрүнөн улам башталган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости