www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Си менен Путин Байдендин таш-талканын чыгарабы?

Кытай менен Орусия АКШга каршы турган бирдиктүү күч. АКШтан «буламык» жеп жаткандар Орусиянын бүгүнкү иштерин айыптып жатат. Көзүңөрдү ачкыла, Гитлер каптап киргенде Кыргыз ССРинен 350 миң кыргыз жоокерлике барып, бир тобунан  айрылаганын. Эгер Батыш Украина, Балтика боюу немецтерди колдобосо биздин аталар тирүү турмак. Тирүү калгандар үчүн төрөлдүк. Орусияны колдогонубуз үчүн талпак болбой турабыз, АКШ Укранианын «талапай» кылып берди. Кыргызстан Орусиянын күчү болбосо ар кимге талапай болушу мүмкүн.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жума күнү орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө, Кытай тарап Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чечилүүнү колдоорун билдирди. "Акыркы убакта Украинанын чыгышындагы кырдаал тез өзгөрүүдө, бул эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.

Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдойт", - деди Си Цзиньпин.Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны демилитаризациялоо үчүн атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин билдирген. Ал телекайрылуусунда азыркы кырдаал чечкиндүү жана токтоосуз чара көрүүнү талап кылып жатканын, Донбасс элдик республикалары Орусияга жардам сурап кайрылышканын" айтты.Украинанын президенти

Владимир Зеленский дагы 27февралда видео кайрылуу жасап, Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, артиллерияны, танктарды, чопкутталган техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты.“Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салып жатышат. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөшүүдө. Алар өтө кара санатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшүүгө жүйө болуп берер”, - деди ал.Зеленский .Ал сөзүнүн соңунда Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-26-февралда орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасаУкраинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.

Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды ырастап же төгүндөй элек. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары жана курмандыктары боюнча маалымат берген эмес. Алар мурдараак Украинанын 200дөн ашуун аскердик объектисин талкалаганын гана тактаган.

 


 

АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды киргизгени ведомствонун сайтында 27-февралда жарыяланган.

Чектөөлөргө ошондой эле бир катар орус чиновниктери – Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов кирди.

«АКШнын санкциялары АКШнын юрисдикциясындагы активдерди тоңдурууну, ошондой эле америкалыктар үчүн алар менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салууну камтыйт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Улуу Британия, Евробиримдик жана Канада Путинге жана башка саясатчыларга каршы санкцияларды киргизген.

АКШ президенти Джо Байден НАТО боюнча Вашингтондун союздаштарын колдоо үчүн Европага АКШнын кошумча күчтөрүн жайгаштыруу боюнча буйрук чыгарганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Кечээ айтканымдай, АКШ НАТОнун аймагын коргойт. Европада потенциалыбызды жогорулатуу максатында кошумча күчтөрдү жайгаштыруу боюнча буйрук чыгардым. Бул НАТО боюнча союздаштарды колдоого багытталган документ", — деди Байден.

Ал Россия президенти Владимир Путинди "эл аралык тынчтык жана коопсуздукка коркунуч жаратып жатат" деп күнөөлөп, НАТО эркиндик жана демократия тарапта экенин көрсөтүп жатканын белгилеген.

"Президент Путин Батышты бөлүп-жаруу боюнча максатына жетүүдө утулуп калды. НАТО болуп көрбөгөндөй чечкиндүү жана биримдикте. Ал эми альянс биздин баалуулуктарды бөлүшкөн жана качандыр бир кезде ага кошулууну чечкен Европа мамлекеттерине эшигин ачып турат", — деген АКШ президенти.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Европада турган америкалык аскерлерди Чыгыш Европага көбүрөөк жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы айтылган.

25-февралда НАТО Россияны тез арада Украинадагы атайын операцияны токтотууга чакырып, чукул жыйын өткөргөн.

Мындан тышкары, альянска мүчө-мамлекеттердин лидерлери Европадагы аскер күчүнүн жайгашуусун Украинадагы операциядан кийин кайра карап чыгарын айтышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости