www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда көп мыйзамсыз иштерди кылган. 10 миллиард сом пара алып казактарга радио жыштыктарды бергенин неге жашырабыз? Кылмыш - Жаза Кодексинин 303 – беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп токтоп турат. Албетте, экс-вице –премьер Эркин Асрандиев жооптон качышы мүмкүн. Бирок ушул иш боюнча эмгек өргүүсүнө кетип, актыгын далилдей албай кызматынан кол жууган Абылгазиев сөз жок суралышы керек.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү. Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган. Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.  Эл анын тергөөгө аланышын күтүүдө, андан тышкары Абылгазиев өкмөт башында турганда, жакындарын жалактатып койчу:

Өкмөт башчынын кол-буттары каякка чейин соймолоп кеткени белгилүү. Эми Абылгазиев каякта булганыч иш жасаса да эң биринчи дуба окуп бата кылып анан баштай турган болуптур.

Абылгазиевдин көлөкөлөрү:

1) Иманкадыр Рысалиев бажасы, "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси, 5 000 евро айлыкты эмчү эле.

2) Эрназар Иманкадыр уулу "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун базары болуп 5000 доллар айлык алып иштей баштаган, учурда кызматынан кетти.

3) Азиз Абылгазиев иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштейт.

4) Таалайгул Сабырбекова өкмөт башчынын бажасынын аялы, "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турган.

5) Өкүл баласы финполдо иштеген. Алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салчу.

6) "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары, Урматбек Жакыпбеков, өкмөт башчынын инисинин, күйөө баласы экени да айтылууда. "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон.

7) Жол, транспорт министрлигинде тайкелери иштейт.

8) Башка бажалары, достору өкмөттүн аппаратында иштейт.

9) Ал эми кызы Америкада окуйт, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарпташат.

Абылгазиев өкмөт башында турганда жакын туугандарын чоң кызматка алып келип жаны тынган эмес. Өлкө өнүкпөсө туруп турат, өзүбүздүкүлөр буттан тура берсин деген заманда жашап жатканбыз. Юрий Гагарин ааламда космоско биринчи учкан космонавт. Анын мындай эрдиги үчүн Саясий бюро өзү кийлигишип капитан Гагаринди майорго алып барбай түз эле подполковник наамын берген. Премьер-министр кезинде Абылгазиевдин бизнесин караган "финполдо" орун басар болуп иштеген өкүл баласы “летуха” эле болгон? Абылгазиев кадырын-салып жүрүп капитанга көчүргөн. Анан ал Гагариндей эрдик кылбаса да өкмөт башчысынын колдоосу менен майорду уруп ойнобой, капитандан түз эле подполковникке секирип кеткен. Эмнеге ага майор “не положено”? Көрсө жыт башка жакта экен, тизме толук эмес болсо да келтирели.

Жалтыраган ресторандар, заңгыраган имараттар укмуштуудай эс алуучу жайларга ээ болгон өкмөт башчынын кара чечекей өкүл баласынын мүлктөрү таң калтырбай койбойт. Баарыбызга белгилүү жаңы гана капиталдык ремонттон өткөн Жибек Жолу/ Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Вавилон" рестораны, Алматинка/Ахунбаевдеги "Салкын-Төр" рестораны, Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Нова" аталышындагы кофе/бар жана автомойка ошондой эле "Гайд Парк" деп аталган Бишкектин четиндеги эс алуучу жай мунун баары Мухамметкалый Абылгазиевдин өкүл баласына таандык деген маалыматтар айтылып жүрөт.

Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт демекчи, Экс -өкмөт башчынын бизнесин дал ушул өкүл баласы жүргүзчү деген кептер бар. Анын тажырыйбасы жетпесе да капитандан подполковникке көтөрүп, Финполго өкүл баласын орун басар кылган Абылгазиев кызматын кыянаттык менен пайдаланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости