www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата Мекен” партиясынан депутат болгон, учурунда партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Бактыбек Калмаматов деген жигит бар эле. Анын жаңсап сүйлөгөнүнөн бери көптөр Текебаевге окшоштурушчу. Текебаев да саясатта атака койгон кишилерин Бактыбек Калмаматов менен Жоомарт Сапарбаевдин оозу менен талкалатчу. Эмнегедир 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Бактыбек Калмаматов партия сунуштаган талапкердин тизмесинен да, партиядан да көрүнгөн жок. Сыягы, Текебаев экөөнүн ортосунда келишпестик болуп кеткендей.
Болбосо, саясаттан ордун таап алган Калмаматов жок болуп кетмек эмес. Кечээ жакында ал да жөн жатпаганын, мамлекетке пайда келтирсем деген иштер менен алек болуп жүргөнүн эшиттик. Текебаев менен элдешер элдешпесин билбейбиз, бирок жакында улуттук аракет деген долбоорду ишке ашыруу аракетин көрүп жатканынын уктук. Текебаев мына ушундай жигиттерди жок кылып алганы үчүн айласы куруп жаткандай. Болбосо, акчалууларга караганда, ушулар анын кызыкчылыгын коргоп, ал үчүн күймөк.
Акчалуу бизнесмендер партиянын маселесин учурунда чечип койгону менен кырдаал кыйындаганда Текебаевге жан тартмак турсун, кара башынын коргоп, жеке кызыкчылыгы үчүн Атамбаевге өтө качышты го. Алар Сооронбай Жээнбеков деле жакшы сүйлөп койсо, Текебаевдин башын оңой эле аттап, ал ачкан партияга деле кире качышаарын турмуш далилдеп жатат го.
Булак: NazarNews.kg