www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мезгилде жылдызы жанып, турмушка чыгып, эки кыздын энеси болгон соң эмгек эргөөсүнө чыккан Бактыгүл Бадыева кайрадан сахнага кайтып келди. Бул ирет биз ырчы айым чыгармачылык пландары тууралуу кеп кылмакчыбыз.

- Бактыгүл айым, кайрадан сахнага кайтып келишиңиз менен куттуктайбыз! Сезимдериңиз кандай болууда?

- Сүйүктүү жолдошумдун колдоосу менен сахнага кайтып келип олтурам. Аялзатына тиешелүү бакытка ээ болуп, эки кызыма татыктуу тарбия берип чоңойтуп алган соң чыгармачылык менен иштөөнү чечтим. Баштагыдай толкундоолор болгон жок. Себеби, үйдө олтурсам да, айрым учурда кечелерге барып ырдап турчумун. Чоң сахнаны абдан сагыныпмын.

- Жаңы жылдык сьемкалардын көпчүлүгүнө тартылганыңызды да байкап калдык. Чыгармачылыкка кызуу киришкен көрүнөсүз...

- Ооба, учурда кызуу иштеп жатам. Жаңы жылдын алдында көптөгөн телеканалдардын чакыруулары менен сьемкаларга катыштым. Бул үчүн мен абдан кубанычтамын. Эл, күйөрмандарым да мени сагынганы байкалып жатты.

- Качан жаңы ырларыңызды тыңдап, клиптериңизге күбө болобуз?

- Буюрса жакынкы күндөрү жаңы ырларыма жана клибиме күбө болосуздар. Учурда көптөгөн чыгармалардын үстүнөн иштеп жатам. Убакыт сааты менен баардыгын элибизге тартуу кылабыз.

- Атактуу ырчы айым болууңузга салымын кошкон инсандар барбы?

- Мага жол көрсөтүп, чыгармачылык жактан өсүп өнүгүүмө салым кошкон инсандар көп. Гүлзат Байзакова, Сыймык Бейшекеев, Алтынбек Алымов аттуу улуу инсандарга абдан ыраазымын. Бул инсандар болбосо менин талантым ачылмак эмес.

- Абдан эмгекчил айым көрүнөсүз. Алдыда тынымсыз эмектенсеңиз баштагы популярдуулугуңузду кайтара аласызбы?  

- Ар бир чыгармачыл инсан аракет кылып эмгектенсе, сөзсүз түрдө көп ийгиликтерге жетише алат. Баштагы популярдуулук тууралуу ойлонуп көрбөпмүн деле. Эң башкысы элиме кызмат кыла берүү.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости