www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия, Түркия жана Иран Астанда өтө турган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катышарын ырасташты. ТАСС Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго шилтеме берип билдиргендей, Астана башка өлкөлөрдүн  макулдугун дагы күтүп жатат.

Астанада 23-24-январда өткөн Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө Орусия, Иран жана Түркия биргеликте согуштук аракеттерди токтотууга сөз байлашкан.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча Сириядагы куралдуу оппозиция Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн датасын жылдырууну талап кылууда. Алар мындан тышкары оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда ок атышууну токтотуу келишимин толугу менен сактоону жана мажбурлап көчүрүүнү токтотууну суроодо.

Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын 14-15-мартта өткөрүү пландалууда.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости