www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт мырза Баткенди сатып жибербейби?

Акыркы мезгилде Баткенде жерди мыйзамсыз Тажикстанга берип жибергендер тууралуу кептер чыгып жатат. Ал эмес парламенттик жыйында жер сатам деп желпилдеп турган Жеңиш Разаковду “Тажикстандын ышпыйонусуң” –деп чыгышты эле, оозуна талкан куюп алгансып, унчукпай отуруп берди. Кичине “Жок, мен ышпыйон эмесмин” дегенге да жараган жок. Абдыбакыт Халмурзаев иш билги прокурор, ал Бакиевдин заманында Башкы прокурордун орун басарына чейин эмгек жолу менен жетти эле, Убактылуу Өкмөт келер менен өчүн Бакыт мырзадан чыгарып, ага кара бойок сүйкөп жок кылууну ойлошту окшойт, районго чейин барып иштеп берүүдөн качкан жок. Азыр губернатор бир тууганынын көлөкөсүнө жамына турайын дедиби, Баткен облусуна прокурор болуп кетиптир. Деги Бакыт мырзадан Баткенди сатпай, андан көрө ким сатканын аныкташын күтөбүз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости