www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Бакыт Эргешович, сиз дагы шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жаткан экенсиз. Анын башкалардан өзгөчөлүгү эмнеде?

– «Азыр парламентке жалаң акчалуу бай адамдар, олигархтар келип атат» деп айтып атышпайбы. Мен акчалуулар гана эмес, идеясы бар жөнөкөй партиялар да келишине мүмкүнчүлүк түзүп атам. Негизги максат – парламенттин натыйжалуулугун жогорулатуу. Кээ бир депутаттар өзүнүн сөзүн, оюн айта албай, бийлик жакка көз каранды болуп, жогору жактан кандай ишара болсо, ошого макул болушат. Биз муну өзгөртүшүбүз керек. Бирок, кантип? Биринчиден, тогуз пайыздык тосмо партиялар үчүн чындырында өтө оор. Мындай тосмо менен кимдин акчасы, административдик ресурсу болсо гана өтөт.

Партиянын лидери катары мен далай жолу шайлоону баштан өткөзгөм, муну билем. Мен өзүм жөнүндө ойлонгон жокмун, биз тогуз пайыздык тосмодон өтөбүз, бирок башка партиялар, жаштар келиши керек да. Анткени, биз жаштарды өстүрүшүбүз зарыл. Ошондуктан, мен тогуз пайыздык тосмону беш пайызга түшүрүүнү сунуштап жатам. Дагы бир сунушум, үч пайыздан беш пайызга чейин добуш алган партиялардын өкүлдөрү да парламентке кириши керек. Мисалы, 2010-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 4,8 пайыз добуш алып калды.

Бирок, алар 94 миң добуш жыйнашты. Эгер алардан бир-эки киши парламентке келгенде 94 миң элдин өкүлү келип калат эле. 2015-жылы дагы «Бүтүн Кыргызстан – Эмгек» партиясы 6 пайыз добуш алып, өтпөй калышты. Алар элдин алдына чыгып, идеяларын, программаларын айтып, шайлоочулар аларга добушун берген да. Ошончо электораттын добушу жөн калбай, жок дегенде өкүлдөрү келиши керек эле.

Үчүнчү өзгөчөлүк, КТРК, ЭлТР, 5-канал сыяктуу мамлекеттик телеканалдар, гезиттер баары бюджеттен каржыланат. Биздин долбоорго ылайык, алар шайлоо кезинде эч кандай акча албайт. БШК баарына бирдей көлөмдөгү убакыт, гезит аянтчасын берет, алар ошонун алкагында үгүт иштерин жүргүзөт. Үгүттүн үчтөн экиси дебат болушу керек. Программасын, идеяларын айтсын, пикир алмашуу болсун. Шайлоо учурунда концерттерди, театралдаштырылган оюн-зоокторду, спорттук иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Анткени, шайлоо беш жылда бир болчу саясый өнөктүк. Эл дебаттарды көрсүн, партиялардын программаларын уксун. Биз кылмыш-жаза кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизебиз, административдик ресурсту колдонуп, кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргогон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазаланат. Шайлоого эки-үч ай калганда адатта айдыктарды, пенсияларды көтөрүп киришет эмеспи, ошондойлорду болтурбаш керек.

– «Мамлекеттик ЖМКларга акча төлөнбөшү керек» дедиңиз. Ал эми эркин ЖМКларчы?

– Өзүңөр билесиңер, азыр партиялар шайлоого катышыш үчүн 5 млн. сомду күрөөгө коёт. Эгер беш пайыздан көбүрөөк добуш алса, ал акча кайра кайтарылат, албаса, кайтырылбайт. Биз «ошол акчалар эч кимге кайтырылбасын (айталы 10 партия болсо 50 млн. сом), аккредитациядан өткөн эркин ЖМКларга бөлүнүп берилсин» деп сунуштап жатабыз. Шайлоо өнөктүгүнөн мамлекет да, БШК да пайда таппашы керек.

Себеби, БШК бюджеттен каржыланып жатат. Ошондо партиялардын баарында бирдей үгүт көлөмү болот. Азыр кандай болуп жатат? Кимдин акчасы көп болсо теледен, гезиттерден, сайттардан көлөмдү сатып алат дагы, акчасы жок партиялардын мүмкүнчүлүгү чектелип калат. Негизи, сунушталып жаткан долбоордо отуздан ашуун жаңы норма бар. Мен эң орчундууларын гана айттым.

– Олигархтарды келтирбөөгө кам көргөнүңүз албетте, жакшы. Бирок, аны ишке ашыруунун механизми кандай болот? Себеби, ар кандай партия шайлоого катышканда чыгым тартат. Ал чыгымды толтуруш үчүн кааласа-каалабаса да катарына акчалуу кишилерди тартууга аргасыз…

– Биз адамдарды көбүрөөк дебаттарга, идея, программаларды угууга тартып, үгүт иштеринин көлөмдөрүн тең кылып, элдин аң-сезимин ойготолу деген ойдобуз. Туура, бай адамдардын келүүсүнө дароо эле тыюу сала албайбыз. Бирок, акырындап идеясы бар, демилгечил балдар да чыгышы керек да. Биз добуштарды сатып алуу оорусун адамдын аң-сезимин өзгөртүү менен гана жоё алабыз.

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости