www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала үчүн күн нуру канчалык мааниге ээ?

Учурда көпчүлүк ата-энелер балдарына күн нуру канчалык деңгээлде керектүү же зыяндуу экендигин айырмалап биле албай кыйналышууда. Натыйжада, күнгө ашыкча күйгүзүп баланы сыркоолотуп, болбосо күн нурунан коркуп, жадагалса эшикке да чыгарбай жатып күн энергиясынан берилүүчү азыктардан балдарды куру калтырып жатышат. Ушул маселенин тегерегинде түпөйүл суроолорго жооп издеп, сиздеги күмөн ойлорго жандырмак даярдадык.

Күн нурунун баланын ден соолугуна тийгизген таасири

Ачык тийген күн нуру кан айлануу системасын жакшыртып, организм көбүрөөк кычкылтек алуусуна шарт түзөт. Жүрөк кан тамырларынын иштешине жардам берет. Рак илдетине чалдыгууну алдын алат жана сөөктөрдүн бекем болушуна, өтүшүп кеткен өпкө ооруларына тийгизген жакшы таасири чоң. Бирок балада курчуган суук тийүү, органдарында шишик болсо, жүрөк кемтиги менен, же көзү катаракта менен ооруса, андан тышкары кан оорулары, малярия, унутчаактык (склероз) дартына чалдыккан болсо күндүн нуруна көп чыгууга болбойт.

Балдардын сары оорусу

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын денеси жана көзүнүн агы саргайып кетсе, анда дароо доктурга кайрылуу абзел. Бул канда билирубиндин көбөйүп кеткендигинен кабар берет. Бул ооруну айыктыруудагы эң негизги фактор болуп күн нуру эсептелинет. Маал-маалы менен айрыкча жай күндөрү ымыркайды терезеден тийген күнгө жаткырып, каныктыра какташ керек.

Итий

Балаңыздын бою өспөй, тишинин чыгуусу кечеңдеп, сөөктөрү ооруп, буту-колдору ийрие баштаса, анда наристеңиздин итий оорусуна кабылганы. Демек, D витамининин жетишсиздиги. Бул зарылчылыкты жараткан органикалык зат организмди кальций менен камсыз кылат. Ал эми D витаминин булагы биз сөз кылып жаткан Күндө. Күн адамдын терисинде жетишсиз органикалык затты пайда кылып, аны ишке киргизет.

Көз

Көз оорусу менен жабыркап жүргөн кичинекей бөбөктөр болсо, анда ультрафиолет нурунан пайда болгон А витамини көздүн көрүүсүнө, нерв системаларынын жакшырышына жардам берет. Бирок ошол эле убакта кулачын кенен жайган катаракта оорусуна чалдыккандар көздүн хрусталын сактап калуу үчүн ачуу тийген күнгө чыкпоолору керек. Болбосо көздүн көрбөй калышы мүмкүн.

Жылмаюу

Күн нурунан адамдын организминде серотонин гормону иштелип чыгарын окумуштуулар далилдешкен. Демек, бул гормондун пайда болушу менен балаңыздын табити ачылып, көңүлү жайдары тартып, уйкусу тынч болот. Жылуу күндө ойногон баланын жүрөк элжиреткен жылмаюусу күндүн таасиринен.

Иммунитетти бекемдейт Күн зат алмашуу процессин дагы жакшыртат. Андыктан балаңыздын денеси чымыр болсун десеңиз милдеттүү түрдө жыл мезгилинин кайсы убагы экенине карабай чүрпөңүздү күнгө алып чыгууңуз абзел.

Балдардын күнгө коопсуз күйүшүнүн эрежелери

1-эреже.

Жайкысын күнгө эртең менен гана чыккан жакшы. Ал эми жаз жана күз мезгилдеринде эмчек эмген жана кичинекей балдар түштөн кийинки күн нуруна кактангандары дурус. Сыртка чыгардын алдында бала уктоочу арабанын деңгээлинде абанын температурасын 5-6°тан жогору экендигин аныктап алуу керек.

2-эреже.

Адеп баштаганда баланы ультрафиолет нуруна күнүнө 3-5 мүнөттөн баштап көндүрүү абзел. Күн нуруна денеси калыптангандан кийин чечинтип туруп 1-2 саатка күн салкын тийген жерге жаткырып койсо болот. Жөргөлөп жүргөн кезинде аларды жатууга мажбурлоо кажет эмес. Бала көбүн эсе далысын тосо берсе чочулабаңыз. Мындай кактануу сөөктөрдүн калыптанышын бекемдейт. 2 жаштан өткөн балдарга көмкөрөсүнөн жана чалкасынан кактануу керектигин түшүндүрүп айтууга болот.

3-эреже. Эгер күн ысып жаткан болсо баланын башына суу майлык ороп коюңуз, же сөзсүз жеңил баш кийим кийгизиңиз. Баланы ысыкка кактап уктатып коюуга болбойт.

4-эреже. Күнгө күйгөн жана андан кийинки убакытта балага ит мурундан жасалган таттуу чайды канча кааласа ошончо берүү керек. Ар бир жарым саат сайын суюктукту өзү каалашынча бере бергениңиз жакшы. Бирок суусундуктар газдалбаган жана табигый болууга тийиш.

5-эреже. Балдар күнгө кактанып жатышканда курамында бета-каротин бар төмөндөгү азыктарды көбүрөөк жеши керек. Алар сабиз, картөшкө, ашкабак, шпинат, өрүк болуп эсептелинет. Булар баланын клеткаларын ашыкча өтүп кетүүчү ультрафиолет нурунан коргойт. Ошондой эле РР же ниацин азыктарга бай эт, гречка кашасы, боор, кара нан жана курамында С витамини арбын болгон кара карагат, малина, капуста берсеңиз күндүн радиациясынан коргоп, организмдеги тең салмактуулук сакталып турат.

6-эреже.

Ач карын, тамактын алдында же тамактанып бүтөрү менен баланы күнгө кактоого таптакыр болбойт.

7-эреже.

Эртең мененки 9:00гө чейин, кечкисин 17:00дөн кийинки аралыкта тийген күн коопсуз деп саналат.

8-эреже.

Күндөн коргоочу көз айнекти сөзсүз тагынып жүрүүсү зарыл, ал көздүн күн нуруна күйүп калуусунан сактайт.

9-эреже.

Атайын күндөн сактоочу косметикалык каражаттарды колдонуп, баланын териси ашыкча күйүп калбашына кам көрүңүз. Бирок 1 жашка чейинки балдарга андай каржаттарды колдонууну адистер сунуштабайт. Себеби иммунитети алсыз кезинде аллергиялык ооруларды пайда кылуусу толук ыктымал.

10-эреже.

Сөзсүз эле күн нурунан пайда алуу үчүн ачык асман алдына чыгуу максат эмес. Көлөкөлөргө же чатырчаларды тигип, алардын далдаасына балаңызды ойното берсеңиз деле таасири тиерин эсиңизден чыгарбаңыз.

Эгер бала күнгө күйүп кетсе

Күндүн зыяндуу ультрафиолет нурларынын төмөндөгүлөрү адам өмүрүнө коркунучтуу. Ультрафиолеттин таралышы А – терини тез кургатып, теридеги меланома деген рак оорусун пайда кылат. Ал озон катмарынан өтүп адамга күнгө чыккан маалда таасир этет. Ультрафиолеттин таралышы В – күнгө күйүп калуу коркунучун, катаракта оорусуна кабылууну жана иммундук системанын начарлашына алып келет. Ошондой эле айыккыз тери ооруларын козгойт.

Бала күн нуруна күйүп калса.

Баланын күн нуруна күйүп калышынын биринчи белгилеринде эки бети албырып ысып, бүткөн бою шишигенсип чыгат. Болбосо тескерисинче чыйрыгып, титиреп өзүн жаман сезе баштайт. Теринин кургап калышынан улам кычышуу башталат. Күйүп кеткен тери 10 күндө барып өз калыбына келет. Ага чейин аны тыттырып албашын көзөмөлдөп туруңуз, болбосо инфекция киргизип алышы ыктымал. Балаңыздын жабыркаган денесине жылымык суудан компресс жасаңыз. Курамында алоэ бар майларды сүйкөп туруңуз жана суук тийгенди алдын ала турган дарылардан бериңиз. Эгерде күйгөн жерде ыйлаакчалар пайда боло баштаса, сөзсүз доктурга кайрылышыңыз керек.

Элдик ыкма

Чийки картөшкө Аарчылган чийки картөшкөнү кыргычтан майда кылып өткөрүп, майлыктын бетине салып туруп күйгөн жерине жарым сааттай басып туруңуз. Эгер күйүк оорураак болсо, анда бул процедураны бир нече ирет кайталоо керек.

Сабиз жана капуста

Тазаланган сабизди майда кыргычтан өткөрүп, аны жумуртканын агы менен аралаштырып жабыркаган жерине 20 мүнөт басуу керек. Сабизди капуста менен алмаштырып жасаса да болот.

Каакымдын тамыры Айнек идишке каакымдын тамырын салып, ага өсүмдүк майын куясыз да (1:10) бир суткага коюп коёсуз. Андан кийин аны банкасы менен суусу бар идишке салып бир саатка чукул кайнатасыз. Бул аралашманы баланын терисине күнүнө 3-4 жолудан сүйкөй берсеңиз болот. Бул бир гана күйүккө эмес, өтүшүп кеткен тери ооруларынын бардык түрүнө жардамын берет жана көп убакытка чейин сактоого болот.

Булак: Леди.кж

Последние новости