www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.
Нурзат Нуртаева мелдешке 72 кг салмак категориясында катышып, 1-орун үчүн беттеште АКШнын өкүлү Жасмин Робинсон менен кез келди. Нуртаева финалдык беттеште америкалык балбанды 11:10 эсебинде жеңип, алтын медалга татыды.
Белгилей кетсек, Нурзат Нуртаева жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси, Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азиянын эки жолку чемпиону, ошондой эле 2025-жылдагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыган.