www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз ССРинин мурдагы жетекчиси Турдакун Усубалиевдин туугандары жана анын атындагы фонд Кочкор районунун атын өзгөртүүгө каршы экенин билдиришти.
Буга чейин аймактын аксакалдары Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрүшкөн. Бирок Усубалиев атындагы фонд бул сунушту колдобой турганын айтып, фонд жер-суулардын тарыхый аталышын сактоого өзгөчө маани берээрин белгиледи.
Фонддун билдирүүсүндө, Кочкор — байыркы аталыш болуп, жергиликтүү эл үчүн өзгөчө баалуулукка ээ экени жана анын өзгөртүлүшү аймактын тарыхый маанисин төмөндөтөрү айтылды.
Эске салсак, буга чейин да Бишкек жана Нарын шаарларындагы борбордук көчөлөрдүн бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү сунушталган. Бирок маркум саясатчынын туугандары бул демилгени да колдогон эмес.