www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин жергиликтүү элдин короосундагы малдын этин, сүтүн, жумурткасын, жер-жемиштерин, жашылчасын эмнеге чанып, арзан кытайлардын азык-түлүгүнө качырып жатабыз? Анткени кембагал кардарлар ошондой сапаты төмөн, арзан тооктун этине, жасалма жумурткасына, пакеттеги кургак сүтүнө, куксисине, күрүчүнө айла жоктон азгырылып жатышат. Бул да болсо үй-бүлөлүк бюджеттин тартыштыгынан дегенге толук негиз бар.

Кыйма-чийме болуп Кытайга каттаган кызыл кулактык кылып жанын баккандарга болсо баары бир. Алар эптеп өзүнүн кара башына күл чогултса эсеп. Эгерим алар өздөрү бозала болуп тартып келген тамагына эринин тийгизбейт. Себеби, мындай шумпайлар алып келген азык-түлүгү ден-соолукка зыяны тиерин жакшы билишет. Ошого карабастан текшерүүгө чакырылган тармактар анча-мынча шыбагасын алганына сүйүнүп тигилерди кое берүүгө кызыктар болушат. Балык башынан сасып жатканда эбин тапкан шылуундар ишин токтотмок беле? Тескерисинче дагы көздү будамайлап акча табууга жанын карч урат да? Мына ошондой “элементтердин” кесепетинен жетишпей жашаган бечаралар колуна тийген сапатсыз азыктарды сатып алышып, ашказандарынан жабыркап жатышкан кези. Базарларда болсо жалаң эле жасалмага шыкалган тамак-аштар жайнайт. Деги биздин акыбалыбызга камкордук көрөр жан табылабы деген суроонун жообу жок. Бийик мунарада отургандар болсо өз арбайын согуп, кантип кызматымда калам менен алек. А өмүр болсо четинен кертилип өтүп жатат, кашайгырдыкы десе…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости