www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агезде Мелис Турганбев ИИМдин жетекчиси болчу, Канат Жумагазиев Биринчи Май РИИБсинин начальниги болчу. Чындык үчүн айтыш керек, ошондо милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБге Адил Турдукулов баш болгон активисттерди кармап барышып, иштерин сотко жөнөтүшкөн. Андан кийин айып пул төлөө менен чыгып кетишкени белгилүү, Мына ушул жана кийинки жагдайлар боюнча Канат мырзага учкай суроо салдым.

- Канат мырза, сиз Адил Турдукуловго кысым кылып, кайсы бир деңгээлде коркутуу үчүн «түрү суук» жигиттерди жөнөттүңүз беле?

- Эч кандай андай аракеттер болгон эмес. Мен так айта алам, андай мыйзамсыз иштерге өзүм башынан каршымын. Милицияда мени билгендер айтышсын, ар дайым мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштеп келем.

- Сиз улуттук университеттин астына Адил Турдукуловго «сойку кыздарды» чырмап, камакка алуу үчүн чагым уюштурдуңуз беле?

- Мен биринчи жолу мындай маалыматты сизден угуп атам. Эч кандай чагым болгон эмес. Өзүңүз билгендей, мен жигитчиликтин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жогору тутам. Эгер ошондой иш-аракеттер болсо, убагында айтпайт беле?..

- Адил Турдукуловду аянттан дин кызматкерлер кармап барганы факты да?

- Ооба. Адил Турдукулов коомдук тартипти бузуп, митинг кылса кармайсың да. Ошондо сиз министр Мелис Турганбаевге чалып, экөөбүз аңдан кийин сүйлөшүп, чыр-чатагы жок эле мыйзамдуу алкакта тил табышканбыз. Турдукулов кежирленип, менин кабинетиме кирбей кетип калган. Бирок, ушул өткөн күндөрду көбүртүп-жабыртпай эле жигитче сүйлөшүп, чекит коюп койсок болбойбу?..

 Асланбек Сартбаев

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости