www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын бир катар кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу"), 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 350-беренесинин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”) негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы көзөмөл мекемеси кабарлады.

Билдирүүдөй айтылгандай, текшерүү учурунда аталган эки аскердик мекеменин кызматкерлери документтерди жасалмалап, жалган мөөрлөрдү колдонуу аркылуу аскерде кызмат кылган адамдарга төлөнүп берилчү каражатты өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган. Бюджеттик акча "транспортко, кызматтык сапарларга жана башка чыгашаларга жумшалган" деген жүйө менен кымырылган.

Текшерүүнү Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен чогуу жүргүзгөн. Козголгон кылмыш иши иликтөө үчүн компетенттүү органга өткөрүлүп берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости