www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбековдун катышуусу менен бүгүн, 15-ноябрда  «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясынын ачылыш аземи өткөрүлүп, Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Эл аралык  конференцияда Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсе  башчысы Пьер фон Аркс, Кыргызстандагы Пакистандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кази-Хабиб-Ур-Рахман, Афганистан Ислам Республикасынын вакф жана ислам иштери боюнча министри Фаиз Османи, Абу Дабинин аткаруу кеңешинин мүчөсү (Өкмөт), Абу Дабинин билим берүү департаментинин төрагасы Али Рашид Аль-Нуами, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абулхасан Абдурахим, Азербайжан Республикасынын Диний уюмдар менен иштөө  боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Саявуш Гейдаров, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы  Дин иштери жана каада-салттарды тартиптөө боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Караматулло Олимзода, Россия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агенттигинин жалпы жарандык бирдейлик жана улут аралык экстремизмге каршы түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги Абдулгамид Булатов, Дүйнөлүк Ислам Лигасынын өкүлү Абдулрахман Алхазами  сөз сүйлөштү.

Конференция  өз ишин пленардык отурумдар форматында улантты. Конференцияда   Азиядан, Африкадан, Европадан жана Америкадан келген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун радикализмди жана экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча өкүлдөрү катышып жатат.

Конференция өз ишин эртең, 2018-жылдын 16-ноябрында Бишкекте улантат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости