www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда өнөр жай өркүндөп жатат

Жалал-Абад шаарындагы өнөр жай ишканалары быйылкы 10 айдын жыйынтыгы менен өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн салыштырма баалар менен алганда бир жарым эседен ашык көбөйтүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Алынган маалыматка караганда, шаар боюнча он айда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн өсүшү 168,2 пайызды түзгөн. Ал эми быйылкы жылдагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112,5 пайызга өскөн.

-Өнөр жай ишканалары продукция өндүрүү көлөмүн арттырып жатышат. Мисалы, өткөн жылдын 10 айында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 2 миллиард 851 миллион сомго барабар болсо, быйылкы жылдын 10 айында анын көлөмү 3 миллиард 207,2 миллион сомго жеткен же 356,2 миллион сомго көп болгон. Буюрса, жыл агына чейин дагы өсүш күтүлөт, - дейт С. Умаров.

Ошол эле кезде шаардагы өнөр жай ишканалары өндүрүлгөн продукциясы сатуу жана сырткы өнөктөрдү таап, алар менен кызматташтыкты арттыруу жагынан иш алып барышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости