www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 60 жашка толду. Бул күнгө карата өлкө башчынын башка мамлекеттин президенттеринен куттуктоолор келе баштайт.

Ал эми Кыргызстандагы аткаминерлер да Жээнбековдун өздүк майрамына карата куттуктоо сөзүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жээнбековго ден соолук каалап, кызматтын татыктуу аткарып, президенттин ийгилиги Кыргызстанга жакшылык алып келүүсүн каалады.

-Урматтуу Сооронбай Шарипович, урматтуу президент! Бүгүнкү 60 жылдык мааркеңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Сизге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт таалай каалаймын. Кызмат ордуңузда татыктуу иштеп, беш жылдан кийин эл шайлаган президдентке кызматыңызды өткөрүп берип, элдин арасында жүрүп, жамандыкка аралашпай, ийгиликтер сизди коштоп жүрсүн. Сиздин ийгиликтериңиз кыргыз элибизге жакшылыктарды алып келиши керек. Жакшылык болсун дайыма.

Айта кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал  көп балалуу үй-бүлөдө өскөн.

Булак: "Марал"

Последние новости