www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түбүң түшкүр, баары эле жасалма

Деги мине болуп баратабыз? Табигый нерседен куржалак калып, жасалмадан көздөр чанагынан чыгып кеткидей абалга кептелдик. Паспорту деле, диплому дагы, акчасы, бапкеси деле жасалма болуп калганы эрөөн көрүнбөй калганы эмнеси? Болгондо да мэрлер, губернаторлор, айыл өкмөттөрү, депутаттар жасалма дипломду жамынып оокатын кылып калышканы жалганбы? А бирок ошондой шектүү мыкчыгерлердин башынан бир тал чачы түшпөй жигердүүлүк менен мамлекеттик кызматта иштеп жүрүшпөйбү, катыгүн. Буга окшогон шылуундардын этегинен тартып койчулар кайдагы бир байкуштун изине түшүп “шыбагасын” алууга кызыктар. Эмне үчүн күч түзүмүндөгү азаматтар кайдыгер болуп калышты? Бул чоң суроо.

Тилекке каршы чердейген манаптар, бийлер, капчыктуулар, министрлер самопал унаа айдаганын, кытайдын куксисин кайнак сууга чылап жегенин, арзан шарап ичкенин, багалеги, жеңи кыска жарашыгы жок костюм, шым кийгенин көрүүгө болобу? Жок. Демек, алар керектүү нерсени-паспортту, дипломду, декларацияны гана колдонууга кызыктар турбайбы? Ушуну билип турушса да кызыл шапкечендер неге кыңк дешпегени таң деле калтырбайт. Анткени карапайым калк анысына көнүп калышкан. Каңылжаарына акча жыттанса өз атасын сатууга даяр болгон тың чыкмалар балээни алардын былыгын чукумак беле? Ошол үчүн жасалма сүйлөгөндөр, кытмырланып күлгөндөр, түлкүдөй жойлоп жүргөндөр өздөрүн башкаларга караганда акылдуу, жол табар, жолдуу адам катары сезишет. Түбүң түшкүр турмуш ушунусу менен кызык болуп жатпайбы…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости