www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карагандынын тургуну жыныстык катнаш учурунда жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу Newtimes.kz. жазып чыккан.

Павел Иванцов(аты өзгөртүлдү) өмүр бою кызкумар болгон. Окуучу кезинде мектептеги жаш мугалидерге ашык болуп, аларды өзүнө карата алган. Ал гана эмес, эч кимдин колу жетпеген класстын сулуу кызынын да жүрөгүн ээлептир.

Бирок, мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткөн Павел сүйүктүүсү менен деп жүргөндө ал башкага турмушка чыгып кетет. Ошондон кийин анын кыздарга деген ишеними жоголот. Кыздардан өч алуу үчүн алар менен төшөктөш болууну гана максат кылып, анысына жеткен соң, таштап кете берет экен.

Окуусун аяктап, белгилүү компаниянын директору болсо да, бул адатын таштай албай коюптур. Кээде төшөктөш болгон айымдарын айтып, досторунун арасында мактанып калчу.

“Мен кимдер менен гана жүрбөдүм?! Бир жылмайсам кыздар бутума ороло калышат. Ушундай жашоо турганда үйлөнүп не кылам, бала да керек эмес,”- дечү экен Павел.

Жашы 60ка келсе да төшөктө аялдарды таң калтыргандай күчүм бар деп мактанчу аны секс учурунда кайтыш болот деп эч ким ойлогон эмес. Ошол күнү мейманканада 30 жаштагы айым менен таанышат. Экөөнүн таанышуусу төшөктө уланат. “Иштерин” баштоодон мурун ичимдик ичишкен.
Жыныстык катнаш учурунда сезимге катуу берилип кеткенби, айтор, тиги сулуунун үстүндө жаткан абалында тиги дүйнөгө кете бериптир. Окуя болгон жерге келген тез жардам өлүм болгонун тиркегенден башка жардам кыла алган эмес.

Айта кетчү нерсе, Павелди акыркы сапарга узатуу салтанатына жалаң достору менен кесиптештери гана келишкен. Төшөктөш болгон айымдары коштошууга келген эмес деп жазат Alashainasy.kz.

Булак: NazarNews.kg

Следующий >

Последние новости