www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кармалган жарандардын арасында жаш активисттер, энелер, мурдагы саясатчылар бар. Мындай пикирин депутат Руслан Жакышов бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана ага каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Бирок аларды Бишкекке эмес, ар кайсы райондорго – Токмок, Кант, Чүйгө жөнөтүшкөнүнө таң калдым. Эмнеге андай? Алардын баары бир имаратка батпайбы?", -  деп сурады депутат.

Башкы прокуратуранын өкүлү Эмилбек Абдыманапов Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында орун жок экенин айтты.

"Коомдо аудиожазуулардын баары ойдон чыгарылган, жасалган деп айтышууда. Алардын арасында активист Атай Бейшенбек да бар, ал ошол күнү иш-чарага такыр катышпаганын билдирди. Бул маселе боюнча эмне айта аласыз?", - деп суроо салды депутат Жакышов.

Учурда анын кармалышынын мыйзамдуулугу, баш коргоо чарасы боюнча маселе каралып жатканын Эмилбек Абдыманапов билдирди.

Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин бардык маселелер чечилерин ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ал эми, бүгүн сот блогер Атай Бейшенбек менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости