www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинаны калыбына келтирүүнү каржылоо бир катар шарттарга жана реформаларды ишке ашырууга байланыштуу болот. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Лейен билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

"Украинаны кайра куруу - бул реформа, ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана мыйзам үстөмдүгү, демократия, гендердик теңчилик жана инклюзивдүүлүк шарттарында Украина жетектеген процесс" деди ал.

Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Еврокомиссиянын (ЕК) башчысы Урсула фон дер Лейен Украина үчүн “Маршалл планын” иштеп чыгууну жана Киевге өлкөнү кайра курууда көрсөтүлгөн жардамды координациялоо үчүн аянтча түзүүнү сунушташкан.

Германиянын лидери жана ЕК башчысы Дүйнөлүк банк согуштан келтирилген зыянды 350 миллиард евро деп баалаганын көрсөтүштү. Алар Киев жалгыз өзү зарыл чыгымдарды көтөрө албасын, андыктан маселени Евробиримдик, жетилик тобу (G7), каржы институттары, эл аралык уюмдар жана жеке инвесторлорду тартуу менен биргелешип чечүү керектигин баса белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости