www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир аудио жана видео жазуулар экспертизадан өтүшү керек. Мындай пикирин депутат Алишер Эрбаев бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана ага каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттар активисттер менен саясатчылардын кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатышат.

"Кармалган саясатчылар жана активисттердин сүйлөшүүлөрү, жолугушуулары 22-октябрда болду. Ал эми, 23-октябрда ИИМ аларды массалык түрдө кармоо иш-чараларын жүргүздү. Ар бир аудио жазуулар экспертизадан өтүшү керек. Экспертизаны эмне силер түнү менен жасадыңыздарбы? Төңкөрүш жасоого, бийликти басып алууга аракеттери бар деген экспертизанын чечими барбы?", - деп суроо салды депутат.

"Биз саясий жана техникалык экспертиза жүргүзөбүз. Дагы бир жолу кайталай кетейин, ишти козгоодо атайын тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында жетиштүү далилдерди таптык", - деди ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев. 

"Профилактика, эскертүү - бул камоого чейинки процесстер. Аларды аткардыңарбы?" — деп сурады депутат Эрбаев.

"Профилактика – бул кылмыштын алдын алуу чарасы. Ал ар дайым иштейт. Тергөө жаңы эле башталды, мен сизге баарын айта албайм», - деди Аширходжаев.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Ал эми, бүгүн сот блогер Атай Бейшенбек менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости