www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чернобыль авариясы үчүн Орусия Украинага компенсация төлөшү керек”. Мындай билдирүү менен чыккан Беларустун президенти Александр Лукашенко газ менен нефтке жеңилдиктерди берүүнү талап кылды. Эгер ал талап аткарылбаса, “Достук” (Дружба) газ түтүгүндөгү учукту алып сала турганын айтып коркутту.

Көпчүлүк эксперттер муну Владимир Путиндин жеке өзүнө карата айтылган коркутуу катары сыпатташууда. Ал айтылгандарга ишенсек, “Батька” президенттик ордун сактап калуу үчүн ушундай соодалашууга барышы мүмкүн.

Өз учурунда, Орусия тарап өнөктөш мамлекеттер менен иштешип кете турган башка эффективдүү жолдору бар экенин билдирип, азырынча Беларусь лидерин тоготпогонсуп турат. Акыркы убактарда Лукашенконун президенттик посттон кете турганы боюнча ар кандай айың кептер айтыла баштады.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости