www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрга караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун кыйнап өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинен табылды. Бул төбө чачты тик тургузган кылмышка ошол эле облусттун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков шектүү катары кармалып, азыр сурак берүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар бир күн мурда, 17-ноябрда аңчылыкка чыгышкан. Маркум азыр сурак берип жаткан жетекчи менен чогуу жүргөнүн көргөн күбөлөр бар экендиги айтылууда. Ички иштер министрлигиндеги ишенимдүү булактар Мамажакыповдун жанында райондогу башка прокурорлор да болгонун айтышты. Ошондой эле булар баардыгы спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болду. Окуянын эртеси күнү Башкы прокурор Ө. Жамшитов Баткенге барып, облус прокурорлору менен жабык жыйын өткөрүп, убактылуу прокурорунун милдетин аткаруучуну дайындады.

43 жаштагы маркумдун сөөгү кичи мекени Чоң-Алай районуна жеткирилип, жерге берилди. Азыр облус прокурорунун өлүмү боюнча КРнын КЖКнын 97-беренеси (“Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бирок окуянын эртеси күнү А. Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган М. Калыковдун жакындары анын кылмыш кылганына ишенишпей тургандыктарын ММКларга билдиришти.

М. Калыковдун апасы Гүлбара Абдрашитованын айтымында, уулун прокурор "аңчылык уюштуруп бер" деп алып кеткендигин билдирип, “Эс алууга прокуратуранын жети кызматкери туруп, жетекчисинин ушундай мас абалында уулубуздун автоунаасына салып беришкени жоопкерсиздик. Мыйзам сактап, мас айдоочуга салып бербей, кер-мур айтышканда эле кармашы керек болчу же коштоп алып келиши керек эле”, - деди.

Эми окуянын чоо-жайын прокурорлор өздөрү иликтеп чыгышар. Деги бул окуя алыскы Баткен облусу Кыргызстандын Сицилясына айланып калгандыгын каңкуулап аткан жокпу?

Булак: “Майдан. kg"

Последние новости