www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду. Аны 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагында артынан белгисиз адам атып, качып кеткен болчу. Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Баяновго ошол замат операция жасалган. Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган менен кылмышкерлер бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын билдирүүдө.
Албетте, маркумдун жаткан жери жайлуу болсун дейбиз жана жакындарына көңүл айтабыз. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, К. Баянов Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы кызматынан тышкары жеке өзүнүн кошуна Тажикстанга бензин, дизел майын аткезчилик менен ташыган бизнеси да бар экен. Анын атылышына ушул жагдай да себептүү болушу мүмкүн. Себеби башка бирөөлөрдүн “огородуна” өтүп кеткендиги да айтылууда. Жергиликтүү элдин оозунда айтылган имиштерге ылайык, депутатты атаандаштары өлтүрүүнү көздөгөн эмес же эскертүү иретинде гана артына атып коюшкан.
Тилекке каршы желкеге тийген ок анын өмүрүн алып тынды. Дегеле Кыргызстандын эң четки аймагы болгон Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтү бензин, дизелди кошуна мамлекетке аткезчилик менен ташып, ал жактан биздин аймакка маңзаттарды ташыган аймак болуп саналат. Андыктан, мыйзамсыздык, аткезчилик, ири суммадагы акча ойногон жерде адам өмүрү да тобокелчиликке түшүүдө.
Булак: “Майдан. kg”