www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүүнү кыйнап маалымат алуу боюнча пикирлер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердиги жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору Урмат Карыпбеков маалымат жыйыны маалында билдирди.
-Массалык маалымат каражаттарында прокурордун өлүмүнө шектүүнү күч колдонуп суракка алуу болуп жатканы тууралуу маалымат чыкканда алар текшерүү жүргүзүп бул факт тастыкталган эмес, - деди ал.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 2018-жылдын 18-ноябрында Төрт-Күл суу сактагычынын жанында жол жээгинде табылган. Анын денесинде октун, бычактын тактары болгон. Прокурордун өлүмүнө шектелип Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган.
Кармалган жаран Ош ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 2 айга камалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg