www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган «Кибер-Кылмыштуулук» аталышындагы профилактикалык иш-чара өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгеси менен уюштурулган иш-чара 10–11-август күндөрү өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кибер алдамчылык жана башка маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт.

Ошондой эле облустун райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине тиешелүү нускамалар жеткирилип, иш алып баруунун негизги багыттары белгиленди.

Последние новости